Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 27-сентябры № 208-т

Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттигине «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» товарларды эсепке алуу пункттарын үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары менен камсыз кылуу үчүн 3 электр генераторун сатып алууга салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга каралган 2021-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин;

2) «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөгүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А.Марипов