Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БУЙРУГУ
2021-жылдын 30-сентябры № 218-т
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2021-жылдын 29-апрелинен тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы "Кулунду-автожол", "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол", "Бор-Дөбө-автожол" жана "Карамык-автожол" өткөрүү пункттарынан Тажикстан Республикасына/Тажикстан Республикасынан адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү өзгөчө көрсөтмөгө чейин токтотулуп турсун, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мекенине кайтып жаткан жарандары;
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аккредиттелген кызматкерлери, эл аралык уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан өкүлчүлүктөрүнүн аккредиттелген кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алардын кирүүсү/чыгуусу жөнүндө күн мурунтан маалымдалганда;
- чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алардын кирүүсү/чыгуусу жөнүндө күн мурунтан маалымдалганда;
- этностук кыргыздардын иммиграциясы жана алардын туугандыгы документтер менен ырасталган шартта аларга кепилдиктерди берүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке колдонуу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын чыгышы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өтүнүчү боюнча "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү" долбоорлорун ишке ашырууга тартылган Тажикстан Республикасынын жарандары, товарлар жана транспорттук каражаттар;
- туугандыгы документалдуу ырасталган шартта Тажикстан Республикасынын жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашы жете элек балдары.";
- төмөнкү мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, болууга, жүрүүгө жана транзиттик өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилсин:
- ушул буйруктун 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн категориядагы адамдардан тышкары Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн;
- Тажикстан Республикасынан чыгып жаткан/Тажикстан Республикасына кирип жаткан транспорт каражаттары жана товарлар үчүн.".
2. Ушул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Төрага | У. А.Марипов |