КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 21-октябры № 247-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Карызды тейлөөнү токтотуп туруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |