Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10 декабрындагы № 325-р

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 18-октябры № 239-т

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2021/2022-жылдагы күзгү-кышкы мезгилди туруктуу өтүүсүн, жарандардын жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөгө болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле жабдуунун иштөөсүн өркүндөтүү жана натыйжалуулугун арттыруу жана Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирлүүчү отундун сапатын которуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунуштарын эске алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Электр станциялар” ААКка “Hampton Resources Limited” компаниясы менен төмөнкү келишимдерди түзүүнү тапшырсын:

- долбоордук отунду, Караганда кенинен “КО” маркасындагы байытылган көмүрдү жеткирүү жөнүндө;

- иштеген абалдагы 10 Е-220 казанагрегатын, 5 БКЗ-160 казанагретатын, комплектөөчүлөрдү жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин башка жабдууларын тейлөөгө өткөрүп берүү жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Электр станциялар” ААКка аталган келишимдерде “Hampton Resources Limited” компаниясы үчүн төмөнкү милдеттенмелерди милдеттүү тартипте кароону тапшырсын:

- 2021/2022-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде айлар боюнча продукцияны иштеп чыгуунун кепилдиги менен станциянын өткөрүп берилүүчү агрегатгарына электрдик жана жылуулук жүктөмдү белгилөө;

-электрэнергиясынын өздук наркы КНСти эсепке албаганда, кВт/с үчүн 1,75 сомдон, жылуулуктун өздүк наркы КНСти эсепке албаганда, Гкал/с үчүн 900 сомдон ашпоого тийиш;

- станциянын өткөрүп берилүүчү бөлүгүн өзүн-өзү актоого жана өзү-өзү каржылоого которуу;

- сатылуучу электр энергиясына жана жылуулукка карата баа саясатын компания колдонуудагы тарифтер боюнча жүргүзөт деп белгилөө.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

- көмүрдүн сапатына мамлекеттик контролду уюштуруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

- үч айлык мөөнөттө көмүрдүн сапатын контролдоо лабораториясын ишке киргизсин.

 

Төрага

А. У. Жапаров