Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 22-октябры № 249-т
Кыргыз Республикасынын аймагындагы билим берүү процесстерине Тажикстан Республикасынын жарандарына мүмкүндүк берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандары.".
Төрага | А.У. Жапаров |