Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 28-октябры № 265-т
“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 398-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- l-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- 39 500 000 (отуз тогуз миллион беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;”;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- 500 000 (беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - энергетика секторундагы реформаларды колдоо үчүн;”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 16-1-10/357 субгранттык макулдашууга тиешелүү өзгөртүүнү киргизсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.У.Жапаров |