Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 28-октябры № 264-т
“2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрындагы “Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууга (“Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттарды ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 323-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун 1-пунктчасында:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) “Ошэлектр” ачык акционердик коомуна “Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төгүмү катары 1 000 000 (бир миллион) евро суммасындагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизминин (ИФКА) грантынын каражаттарын жана бюджеттик кредит түрүндө 4 000 000 (төрт миллион) евро суммасындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредитинин каражаттарын төмөнкү шарттарда берсин:”;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 66-б буйругуна төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун 1-пунктчасында:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) “Чыгыш электр” ачык акционердик коомуна “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төгүмү катары 2 000 000 (эки миллион) евро суммасындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын Атайыи Фондунун грантынын каражаттарын жана бюджеттик кредит түрүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 4 000 000 (төрт миллион) евро суммасындагы кредитинин каражаттарын төмөнкү шарттарда берсин:”;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Ошэлектр” ачык акционердик коому менен 2017-жылдын 15-августундагы № 19-04-01/26 жана “Чыгыш электр” ачык акционердик коому менен 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 19-04-01/33 карыздык милдеттенмелерине тиешелүү өзгөргүүлөрдү киргизсин.
4. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.
5. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү чечими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Жапаров |