КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 28-октябры № 266-т
1. Расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында жана Франкфурт-на-Майне шаарында 2005-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги атынан чыккан Кыргыз Республикасы ("Ссуда алуучу") жана KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") жана "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун ("Долбоордун аткаруучусу") ортосундагы "Бишкек шаарынын локалдык тармактарын жакшыртуу" долбооруна 10225837,62 евро (кредит) жана 200000,00 евро (финансылык грант) суммасында ссуданы берүү, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору, 1-тиркемеге ылайык;
- Франкфурт-на-Майне шаарында 2007-жылдын 21-декабрында кол коюлган KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасы ("Ссуда алуучу") жана "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун ("Долбоордун аткаруучусу") ортосундагы "Электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу" долбооруна 21415958,51 евро (ссуда) жана 1800000,00 евро (финансылык грант) суммасындагы ссуданы, финансылык грантты берүү жана ишке ашыруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттардын долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага |
| А.У. Жапаров |