Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 29-ноябры, № 300-т
1. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 119-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага |
| А.У. Жапаров |