Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 1-декабры № 304-т
Тажикстан Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин өлкөгө кирүүсүнүн, чыгуусунун жана жүрүүсүнүн маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ − Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн (туугандык мамилелерин документтик түрдө тастыктаганда), аккредиттелген же дипломаттык/кызматтык паспорту бар болсо, алар болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча;”;
жетинчи абзацтагы “сурамы” деген сөз “каты” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункттун экинчи абзацындагы “жана алтынчы” деген сөздөр “, алтынчы жана жетинчи” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |