Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 3-декабры № 308-т
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пунктунун 4 жана 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун иш планында:
– 3-пунктунда:
«Иш-чаралардын аталышы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын;
«Күтүлгөн натыйжалар» графасынын 1 жана 2-пунктчаларындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын;
«Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «25-августуна» деген сөздөр «15-октябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 4-пунктунда:
«Иш-чаралардын аталышы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын;
«Ишке ашыруу формасы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын;
«Күтүлгөн натыйжалар» графасында:
1-пунктчасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
«Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «1-сентябрына» деген сөздөр «1-ноябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
5 | Мыйзамдарга карата жактырылган сунуштарды ишке ашыруу | Мыйзам долбоорлорун жана кош-тоочу документтерди иштеп чыгуу (негиздеме маалымкат, салыштырма таблица, зарылдыгына жараша жөнгө салуучу таасирин талдоо) | Мыйзам долбоорлору даярдалды жана мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте илгериле-тилүүдө | 2022-жылдын 1- апрелине чейин | Каржылоо талап кылынбайт | Мамлекеттик органдар, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) |
»;
– 6 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А.У. Жапаров |