КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 7-декабрындагы № 647 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланган жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 7-декабры № 647
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, өндүрүштүк, тарбиялык, коомдук иштеги жетишкендиктери үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Конокбаева Назгуль Доконовна – “Мурас – Спорт” ЖЧКнын башкы директору;
Сыдыков Руслан Джумабаевич – “Дордой” ФК КБ футбол мектебинин директору.
2. Баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Катибов Расулжан – “Кыргызмебель” ААКтын башкы директорунун илимий-өндүрүштүк иштер боюнча орун басары;
Узагалиев Кубанычбек Асыранбекович – “Мурас – Спорт” ЖЧКнын куруучу-архитектор.
3. Алкыш жарыялансын:
Калачева Надежда Николаевнага – “Мурас – Спорт” ЖЧКнын юристи;
Сорокина Надежда Александровнага – “Дордой базары” ЖЧКнын көчө тазалоочуларынын бригадири;
Сарыгулова Назгуль Калыгуловнага – “Дордой-Плаза” соода үйү” ЖЧКнын башкы бухгалтери.
Төрага | А.У. Жапаров |