Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 477 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 7-декабры № 648

Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу" мекемесинин Уставынын 17-пунктуна ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алманбетов Атай Омурбекович Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өкүлү болуп дайындалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 22-февралындагы № 108 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 -жылдын 10-мартындагы № 157 буйругу.

 

Төрага

А.У. Жапаров