РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 312-т «Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды пайдаланууну тестирлөө боюнча эксперимент жүргүзүү жана ташууларды байкоого алуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонууга киргизүүнү даярдоо максатында» тескемеси

Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 3-декабры № 312-т

Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды пайдаланууну тестирлөө боюнча эксперимент жүргүзүү жана ташууларды байкоого алуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонууга киргизүүнү даярдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды автомобилдик ташууда навигациялык пломбаларды пайдаланууну тестирлөө боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор (мындан ары – пилоттук долбоор) бир айлык мөөнөттө өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы пилоттук долбоорду өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучуларынын ассоциациясы (Товарларды ташууну байкоого алуу системасынын улуттук оператору) менен биргеликте жооптуу деп аныкталсын.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) пилоттук долбоорго катышкан жактар үчүн мындай ташууларда пайдаланылган транспорт каражаттарынын жүк салуучу жайларына (бөлүктөрүнө) навигациялык пломбаларды салуу ыктыярдуу жана акысыз негизде колдонулары;

2) пилоттук долбоорду өткөрүүнүн тартиби жана шарттары пилоттук долбоорду камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын ички чечими менен аныкталары.

4. Ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн, пилоттук долбоорду өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар пилоттук долбоор аяктагандан кийин орун алган көйгөйлөрдү жана жеткире иштеп чыгууну талап кылган кемчиликтерди аныктоо максатында, туруктуу негиздеги жүк ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу механизмин андан ары киргизүү үчүн пилоттук долбоордун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат берсин.

 

Төрага

А.У. Жапаров