Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 6-декабры № 313-т
Кумтөр кенин иштетүү процессинде түзүлгөн жана түзүлүп жаткан калдык сактоочу жайдын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана экинчи жолу кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
Убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна Кумтөр кенин иштетүү процессинде түзүлгөн жана түзүлүп жаткан калдык сактоочу жайдын калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатында ишти заманбап технологияларды колдонуу жана өнөр жай коопсуздугу, экология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жүргүзүүгө уруксат берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |