КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2021-жылдын 7-декабрындагы № 648 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2021-жылдын 22-февралы № 108
Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги" мекемесинин Уставынын 17-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Джунушалиев Айбек Джанышбекович Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү катары киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 615 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |