РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 333-т (Макулдашуунун расмий тилдеги долбоорлорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 17-декабры № 333-т

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлору жактырылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен KfW Германия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федералдык Өкмөтүнүн атынан чыгуучу "Euler Hermes" ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

А.У. Жапаров