Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 17-ноябры № 286-т
Жарандардын саламаттыгын сактоо жана Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, аба чөйрөсүнүн булгануу себептерин жана булактарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине ылайык:
1. Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча өзгөчө ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - өзгөчө комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өзгөчө комиссия:
- жарандардын, биринчи иретте балдардын, улгайган адамдардын жана өнөкөт оорулар менен ооругандардын өмүрүнө жана саламаттыгына келтирилген зыянга диагностикалык баалоо жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын тургундарына жашаган районундагы экологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоого же ага зыяндуу таасир тийгизүүгө түрткү берген факторлор жөнүндө анык маалыматтарды өз убагында жана дайыма берип турсун;
- негизги булгануу булактарын аныктоо менен Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрүнө бир айлык мөөнөттө комплекстүү баалоо жүргүзсүн;
- аба чөйрөсүнүн булгануу көйгөйлөрүн чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын иликтесин;
- иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча конкреттүү рекомендацияларды жана сунуштарды берсин.
3. Өзгөчө комиссияга зарыл болгон учурда эксперттерди жана мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, коюлган маселелерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар өзгөчө комиссияга суралган маалыматтарды беришсин, зарыл болгон учурда анын рекомендациялары боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
5. Өзгөчө комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
6. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Бишкек шаарынын мэри, өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги;
Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директору (макулдашуу боюнча);
"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Бишкекгаз" филиалынын директору (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору;
"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 17-ноябры № 286-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 29-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Жарандардын саламаттыгын сактоо жана Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, аба чөйрөсүнүн булгануу себептерин жана булактарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине ылайык:
1. Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча өзгөчө ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - өзгөчө комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
11. Өзгөчө комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин иштейт жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 29-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Өзгөчө комиссия:
- ыш-түтүндүн, булганган абанын Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун калкынын саламаттыгына тийгизген таасирин иликтөө боюнча изилдөө жүргүзсүн;
- абанын булгануусунун ар кандай деңгээлдеринде калктын ооруларын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин тиешелүү сунуштамалары менен иштеп чыксын;
- калктын саламаттыгына тийгизген таасирин аныктоо менен абанын сапатынын индексин иштеп чыксын;
- Бишкек шаарында экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча кадамдык планды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн абанын булгануусунун негизги булактарын аныктоо, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда абанын булгануу көйгөйлөрүн баалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзсүн;
- тургундарга экологиялык кырдаал, ошондой эле ден соолукту сактоого өбөлгө түзүүчү же ага зыяндуу таасирин тийгизүүчү факторлор жөнүндө анык маалыматтарды берип турсун;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча тиешелүү маалыматты жана сунуштарды берип турсун.