КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 337-р тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 24-декабры № 337-р
Аймакта экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 – беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) банкрот болгон “Майлуу-Суу электр лампа заводу” ачык акционердик коомуна төмөнкү кредиторлордун талап укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзсүн:
-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
- “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун;
- “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун;
2) Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, 210 дареги боюнча жайгашкан “Майлуу-Суу шаары, лампа заводу” жоопкерчилиги чектелеген коомунун уставдык капиталындагы, банкрот болгон “Майлуу-Суу электр лампа заводу” ачык акционердик коомунун атайын администраторунун жүз пайыз үлүшүн сатуу боюнча инвестициялык конкурска катышсын;
3)Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинде жана 2022-2023-жылдарга болжолунда 102 143 000 (жүз эки миллион жүз кырк үч миң) сом өлчөмүндө жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинде жана 2023-2024-жылдарга болжолунда 42 832 141 (кырк эки миллион сегиз жүз отуз эки миң жүз кырк бир) сом өлчөмүндө каралган акча каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга багыттасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А. У. Жапаров |