РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 29-декабрындагы № 349-р тескемеси (Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого бөлүп бергени жонундо) тескемеси

Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 29-декабры № 349-р

Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын алкагында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом суммасындагы каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине бөлүп берсин.

2.    Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. У. Жапаров