Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 2-ноябры № 271-т
Квалификациялуу кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык уюмдарды тез жардам автомашиналары жана санитардык транспорт менен жабдуу аркылуу Кыргыз Республикасында COVID-19га өз убагында чара көрүү жана анын кесепеттерин азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19тун кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
| Төрага | А.У. Жапаров |