Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 27-декабры № 342-т
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун («Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо») долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун («Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жектиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо») долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюга ыйгарым укук берилсин.
| Төрага | А. У. Жапаров |
КРЕДИТТИН НОМЕРИ___-KGZ (COL)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Mенен
АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН
ортосундагы
КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ
(Адаттагы операциялар [Жеңилдетилген])
(Азия-Тынч океаны регионунда вакциналарга жетүү механизминин алкагында COVID-19ra каршы вакциналоону колдоо долбоору)
Датасы_________________2021-жыл____________________________________________________________________
КГЗ___55206___
Министр | А. Бейшеналиев 2021-ж. «_____»__________
Тиркеме |
КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ
(Адаттагы операциялар [Жеңилдетилген])
2021-жылдын________________________________ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ («Зайымчы») менен АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН («АӨБ») ортосундагы КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ.
СЕБЕБИ
(А) АӨБ Зайымчыдан_____________ датасындагы башкаруучунун катын («Башкаруучунун каты») алган, анда Зайымчынын вакциналоону бөлүштүрүу боюнча өзүнүн Планын аткаруу милдеттенмеси ырасталат (мында аныкталгандай) жана Зайымчынын аймагында коронавирустук инфекцияга («COVID-l 9») карты вакциналарга жстүүнү камсыз кылууга багытталган Зайымчынын белгилүү бир максаттары, саясаты жана иш-аракеттери баяндалган;
(Б) Зайымчы ушул Кредиттик макулдашуунун 1-тиркемесинде баяндалган Долбоордун максаттары үчүн кредит алууга АӨБго өтүнмө берген;
(С) Зайымчы менен АӨБдүн ортосундагы ошол эле датадагы Грант берүү жөнүндө макулдашуунун («Грант берүү жөнүндө макулдашуу») алкагында АӨБ Долбоордун максаттары үчүн АӨБдүн атайын каражаттарынан он эки миллион беш жүз миң доллар (12 500 000 АКШ доллары) суммасында Зайымчыга грант берүүгө макулдугун берген; жана
(D) АӨБ Зайымчыга АӨБдүн адаттагы капиталдык ресурстарынан ушул документте баяндалган мөөнөткө жана шарттарда жеңилдетилген кредит берүүгө макул болгон;
ОШЕНТИП, АЗЫРКЫ УЧУРДА тараптар төмөнкүөр жөнүндө макулдашууда:
I БЕРЕНЕ
Кредит берүү жөнүндө жобо; Аныктамалар
1.01-бөлүм. 2017-жылдын 1-январындагы АӨБдүп Адатгагы (жецилдетилген) операцияларын кредиттөе жөнүндө жобонун («Кредиттөө жөнүндө жобо») бардык пункттары ушул Кредиттик макулдашууга карата бул документте толугу менен баяндалгандай күчтө жана аракетте колдонулат.
1.02-бөлүм. Ушул Кредиттик макулдашуунун алкагында Кредиттерди берүү жөнүндө жободо аныкталган кээ бир терминдер колдонулган бардык жерлерде алар ушул документте өзгөртүлбөсо же анын өңүтүндө башканы талап кылбаган учурда гана аларда баяндалган тиешелүү мааниге ээ болот. Ушул Кредиттик макулдашууда колдонулуучу кошумча терминдер төмөнкү маанилерге ээ:
(а) «Консультациялык кызмат көрсөтүүлор» Сатып алуулар жөнүндө жободо жана Сатып алуулар планында баяндалган жана кредиттин жана/же гранттын каражатгарынын эсебинен каржылануучу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет;
(b) «COVID-19» документтин Декларативдүү бөлүгүндо ушундай терминге берилүүчү мааииге ээ (А);
(c) «ДКМБД» Зайымчынын фармацевта кал ык ишти жөнге салуунун улуттук органы же анын укук улантуучусу болуп саналган, Саламатгык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражатгары жана медициналык буюмдар департаментин билдирет;
(d) «Жарамдуулук критерийи» COVID-19ra каршы вакциналарга жетүүнү кеңейтүүнү колдоо боюнча АӨБдүн саясатынын 29-пунктунда (28, 29 жана 30-шилтемелерди коппсондо) баяндалган критерийди билдирет;
(e) «Жарамдуу чыгымдар» АӨБ менен Зайымчынын ортосунда макулдашылган чыгымдардын категориясын билдирет, алар ушул Кредиттик макулдашуунун 3-тиркемесине таблицада, Грант жөнүндө макулдашуунун тиркемесине таблицада жана ДАК кыйла кененирээк көрсөтүлгөндөй кредиттин жана/же гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланат;
(f) Жарамдуу вакцина» COVID-19гa каршы вакцинаны билдирет, ал каржыланууга жана/же транспорт менен ташылууга укуктуу. кредиттин жана/же гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланат, ал Долбоорду ишке ашыруу мезгили бою ар кандай убакта (i) жарамдуулук критерийлерин канааттандырат жана (ii) Зайымчынын аймагында аны жайылтуу жана администрациялоо үчүн Зайымчынын бардык зарыл уруксаттарын, анын ичинде колдонууга уруксатты жана аны өндүрүү, сатуу же импорттоо үчүн ар кандай башка зарыл уруксаттарды алган;
(g) «ИГП» Долбоор үчүн даярдалган иш-аракеттердин гендердик планын билдирет, анын ичинде гендердик чараларды камтыган анын ар кандай жаңылануусу, алар Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө кабыл алынып жана Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу Зайымчы менен АӨБдүн ортосунда макулдашылышы керек;
(h) «Товарлар» Сатып алуулар планында көрсөтүлгөн жана кредиттен жана/же гранттан келип түшүүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш жабдыктарды жана материалдарды, анын ичинде жарамдуу вакциналарды жана транспорт менен ташуу жана камсыздандыруу сыяктуу ар кандай тиешелүү консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет;
(i) «Башкаруучунун каты» ушул Кредиттик макулдашуунун (А) Декларативдүү бөлүгүндөгү ушундай терминге берилүүчү мааниге ээ;
(j) «Грант» ушул Кредиггик макулдашуунун (С) Декларативдүү бөлүгүндөгү ушундай терминге берилүүчү мааниге ээ
(k) «Грант берүү жөнүндө макулдашуу» ушул Кредиттик макулдашуунуyн (С) Декларативдүү бөлүгүндөгү ушундай терминге берилүүчү маагниге ээ;
(I) «Кредиттерди төлөө боюнча колдонмо» АӨБдүн кредиттерди төлөө боюнча колдонмосун билдирет (2017-жылдагы, мезгил өткөн сайын киргизилүүчү түзөтүүлөр менен);
(m) «ССӨМ» Зайымчынын же анын ар кандай укук улантуучусунун Саламаттык сактоо МИНИСтрлигин билдирет;
(п) «МКИП» Зайымчынын медициналык калдыктар менен иштоо планын билдирет, ал медициналык калдыктар менен иштөөнүн өзгөчө жол-жоболорунун жана ага карата талаптардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30 декабрындагы № 719 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштеө боюнча маселелер жөнүндө» токтомунда баяндалган;
(о) «Консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөр» Сатып алуулар жөнүндө жоболордо жана Сатып алуулар планында баяндалган, кредиттин жана/же гранттын эсебинен каржылануучу консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет;
(р) «ДАК» Зайымчы менен АӨБдүн ортосунда макулдашылган 2021-жылдын 15-сентябрындагы Долбоорду
администрациялоо боюнча колдонмону билдирет, ал Зайымчы менен АӨБдүн тиешелүү административдик жол-жоболорунун алкагында анда-санда жаңыланып турат;
(q) «Сатып алуулар планы» Зайымчы менен АӨБдүн ортосунда макулдашылган 2021-жылдын 15-сентябрындагы Долбоор үчүн сатып алуулар планын билдирет, ал Сатып алуулар планына, Сатып алуулар жөнүндө жобого жана АӨБ менен макулдашылган башка келишимдерге ылайык анда-санда жаңыланып турат;
(r) «Сатып алуулар боюнча саясат» товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлердү, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жаатындагы АӨБдүн саясатын билдирет (2017, анда-санда киргизилүүчү түзөтүүлөр менен);
(s) «Сатып алуулар жөнүнде жоболор» товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жаатындагы АӨБдүн саясатын билдирет (2017, анда-санда киргизилүүчү түзөтүүлөр менен);
(t) Кредит жөнүндө жоболордун максаттары үчүн жана маңызы боюнча «Долбоордун аткаруучу агенттиги» ССМдү же АӨБ үчүн ыйгарым укуктуу анын ар кандай укук улантуучусун билдирет, ал Долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат;
(u) «Кызмат көрсөтүүлөр» консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет;
(v) «КЧС» АӨБдүн Коргоо чаралары саясатын билдирет (2009);
(w) «Вакциналоону бөлүштүруү планы» ССӨМ тарабынан иштелип чыккан жана Зайымчы тарабынан 2021-жылдын 25-августунда кабыл алынган COVID-19гa каршы вакциналоонун жана вакциналарды жайылтуунун улуттук планын билдирет (ал анда-санда өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн), ал Башкаруучунун катына тиркелген жана жактырылган, анда Зайымчы тарабынан эл аралык ченемдерге жана маргиналдаштырылган жана аялуу топтор алып салынбастыгына кепилдикке ылайык COVID-19га каршы вакциналарга жетүү артыкчылыктары жана вакциналарды тандоо, аларды сатып алуу, жайылтуу жана администрациялоо, ошондой эле Зайымчынын аймагында медициналык калдыктар менен ар кандай тиешелүү иштөө боюнча улуттук саясат баяндалган.
II БЕРЕНЕ
Кредит
2.01-бөлүм. (а) АӨБ Зайымчыга АӨБдүн адаттагы капиталдык ресурстарынан он эки миллион беш жүз мин доллар (12 500 000 AKШ доллары) өлчөмүндө кредит берүүгө макул.
(b) Кредит боюнча негизги карыздын суммасын төлөө мөөнөтү 16 жылды түзөт, мында жеңилдетилген мезгил төмөндө (с) бөлүмчөсүндө аныкталган.
(c) ушул Макулдашуунун (b) бөлүмчөсүндө колдонулуучу «жеңилдетилген мезгил» термини ушул Кредиттик макулдашуунун 2-тиркемесинде баяндалган карызды төлөө графигине ылайык карыздын негизги суммасын төлөөнүн биринчи датасына чейинки мезгилди билдирет.
2.02-болүм. Зайымчы жеңилдетилген мезгил ичинде жылына 1% жана эсептен алынган жана мезгил-мезгили менен тындырылбай калган кредиттин суммасына андан кийинки мезгилге жылына 1,5% коюм менен АӨБго пайыз төлөп турат.
2.03-бөлүм. Кредит боюнча пайыздык жана башка ар кандай төлөөлөр жарым жылда бир жолу, 15-мартта жана 15-сентябрда жал сайын төлөнүп турушу керек.
2.04-бөлүм. Зайымчы ушул Кредиттик келишимдин 2-тиркемесинде баяндалган карызды төлөө графигине ылайык кредиттик эсептен алып салынган кредиттин негизги суммасын төлөөгө тийиш.
III БЕРЕНЕ
Келип түшүүчү кредиттик каражаттарды колдонуу
3.01-бөлүм. Зайымчы Кредиттин каражаттары ушул Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык Долбоор боюнча жарамдуу чыгымдарды каржылоо үчүн гана колдонулушун камсыз кылышы керек.
3.02-бөлүм. Кредиттин келип түшүүчү каражаттары ушул Кредиттик макулдашуунун З-тиркемесинин жоболоруна ылайык бөлүштүрүлөт жана алынат, анткени ушундай Тиркеме Зайымчы менен АӨБдүн ортосундагы макулдашуу боюнча анда-санда өзгөрүп турушу мүмкүн.
3.03-бөлүм. АӨБ башка жөнүндө келишип алган учурларды кошпогондо, Зайымчы чыгымдардын статьяларына ылайык сатып алышы же сатып алууларды камсыз кылышы керек, алар ушул Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинин жоболоруна ылайык кредиттин каражаттарынын келип түшүүлөрүнүн эсебинен каржыланат.
3.04-бөлүм. Кредит жөнүндө жобонун 8.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн кредитти төлөө датасы болуп 2023-жылдын 31-декабры же Зайымчы менен АӨБдүн ортосунда анда-санда макулдашыла турган ушундай башка дата саналат.
IV БЕРЕНЕ
Өзгоче шарттар
4.01-бөлүм. Долбоорду ишке ашырууда Зайымчы ушул Кредиттик макулдашууда жана ушул Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинде баяндалган бардык милдеттенмелерди аткарышы же аткарылышын камсыз кылышы керек.
4.02-бөлүм. (а) Зайымчы (i) Долбоор боюнча өзүнчө эсептерди жана эсептик жазууларды жүргүзүшү; (ii) АӨБ үчүн жарамдуу финансылык отчеттун стандарттарына ылайык Долбоор боюнча жылдык финансылык отчетту даярдашы; (iii) квалификациясы, тажрыйбасы жана техникалык тапшырмасы АӨБ үчүн алгылыктуу болгон жана АӨБ үчүн алгылыктуу аудиттин стандарттарына шайкеш келген көз карандысыз аудиторлордун күчтөрү менен ушундай финансылык отчеттуулукка аудитти жыл сайын жүргүзүшү; (iv) ар бир ушундай аудиттин алкагында аудиторлор отчет даярдайт, ал финансылык отчеттуулук жана кредиттин жана гранттын каражаттарын колдонуу боюнча аудитордук корутундуну (корутундуларды), ошондой эле жетекчиликке Катты (анда эгерде орун алса, аудиттин жүрүшүндө аныкталган Долбоордун ички контролундагы мүчүлүштүктөр баяндалат) камтыйт; (v) ар бир тиешелүү финансылык жыл амктагандап кййин 6 айдан, кечиктирбестен АӨБгө аудиттен откон ушундай финансылык отчеттордун, аудитордук отчеттун жана жетекчиликке Каттын көчүрмөлерун бардыгын англис тилинде жана ушул докумензтергс жана алардын аудитине тиешелүү башка кенен маалыматты бериши керек, аны АӨБ анда-санда негиздүү суратып турууга тийиш.
(b) АӨБ аудиттен өткөн Долбоор боюнча жылдык финансылык отчеттуулукту жана Финансылык отчеттуулук боюнча аудиторлордун корутундусун аларды АӨБдүн веб-сайтына жайгаштыруу аркылуу АӨБ алардын жарамдуулугун ырастаган датадан тартып 14 күндүн ичинде жарыялайт.
(c) Зайымчы АӨБдүн өтүнүчү боюнча, Долбоор боюнча финансылык отчеттор жана Зайымчынын финансылык иштери Долбоорго тиешелүү болсо, аларды ушул Макулдашуунун (a) (iii) бөлүмчөсүнө ылайык дайындалган аудиторлор менен талкуулоо мүмкүнчүлүгүн АӨБгө берет жана ушундай аудиторлордун ар кандай өкүлүнө АӨБ тарабынан суратылган ушундай талкууларга катышууга ыйгарым укук берет жана талап кылат. Зайымчы башкасына макул болбогон учурда Зайымчынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуусунда гана ушундай талкуулар өткөрүлүшү керектиги алдын ала каралган.
4.03-бөлүм. Зайымчы АӨБдүн өкүлдөрүнө Долбоорду, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле ар кандай тиешелүү эсептик жазууларды жана документтерди инспекциялоого мүмкүнчүлүк бериши керек.
V БЕРЕНЕ
Төлоо мөөнөтүн токтототуруу; тездетүү
5.01-бөлүм. Кредиттөө жөнүндө жобонун 8.01(т)-бөлүмүнүн максаттарына кредиттик эсептен каражаттарды алууга Зайымчынын укугун токтотуп туруу үчүн кошумча окуя катары төмөнкү көрсөтүлгөн: Грант токтото туруу же жокко чыгаруу үчүн жооптуу болун калат.
5.02-бөлүм. Кредиттөө жөнүндө жобонун 8.07(с1)-бөлүмүнүн максаттарына төлөөнүн мөөнөтүн тездетүү үчүн кошумча окуя катары төмөнкү көрсөтүлгөн: ушул Кредиттик макулдашуунун 5.01-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуялардын ичинен бири болушу керек.
VI БЕРЕНЕ
Күчүнө кириши
6.01-болүм. Кредиттөө жөнүндө жобонун 9.01(г)-бөлүмүнүн максаттарына ушул Кредиттик макулдашуу күчүнө кириши үчүн кошумча шарт катары төмөнкү көрсөтүлгөн: Грант берүү жөнүндө макулдашуу тиешелүү түрдө жактырылып же ратификацияланып, аткарылып жана Зайымчынын атынан өткөрүлүп берилиши керек жана ал күчүнө кирээрдин алдындагы бардык шарттар (ушул Кредиттик макулдашуу күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары) аткарылышы керек.
6.02-бөлүм. АӨБго берилип, Корутундуга же Корутундуларга киргизилиши керек болгон, Кредиттөө жөнүндө жобонун 9.02(d)-бөлүмүнүн максаттары үчүн кошумча маселе катары төмөнкү көрсөтүлгөн: Грант берүү жөнүндө макулдашуу тиешелүү түрдө жактырылган же ратификацияланган, аткарылган жана Зайымчынын атынан өткөрүлүп берилген жана ушул Кредиттик макулдашуу күчүнө кирген шартта гана анын шарттарына ылайык Зайымчы үчүн юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат.
6.03-бөлүм. Ушул Кредиттик макулдашуунун датасынан 90 күндөн кийинки дата Кредит берүү жөнүндө жобонун 9.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн ушул Кредиттик макулдашуу күчүнө кирген дата катары көрсөтүлгөн.
VII БЕРЕНЕ
Түрдүү
7.01-болүм. Зайымчынын экономика жана финансы министри Кредиттөө жөнүндө жобонун 11.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн Зайымчынын өкүлү катары дайындалат.
7.02-бөлүм. Төмөнкү даректер Кредиттөө жөнүндө жобонун 11.01-бөлүмүнүн максаттары үчүн көрсөтүлгөн:
Зайымчы үчүн
Экономика жана финансы министрлиги Эркиндик бульвары, 58
Бишкек 720040
Факсимилдик байланыш номери:
(996) 312 661645
Для АБР
Азия өнүктүрүү банкы
ADB 6-авеню
Мандалуонг
1550 Метро Манила
Филиппины
Факсимилдик байланыш номери:
(632) 8636-2444
УШУНУ ЫРАСТОО МАКСАТЫНДА ушул Макулдашуунун Тараптары тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу болгон өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн күнгө жана жылга өзүнүн атынан ушул Кредиттик макулдашууга кол коюуга жана аны АӨБдүн башкы кеңсесине жеткирүүгө милдеттендирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАН
Министрлер Кабинетинин терагасынын орун басары, экономика жана финансы министр и
АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНАН
КАНОКПАН ЛАО-АРАКЯ Өлкөлүк директор Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүк
1-Тиркеме
Долбоордун баяндалышы
1. Долбоордун максаты: калктын артыкчылыктуу топторун COVID-19га каршы вакциналоо. Кыйла кененирээк Долбоор башкаруучунун катында баяндалган.
2. Долбоор өзүнө томонкүлөрдү камтууга тийиш:
(а) 1-компонент: COVID-19ra каршы вакцина л арды сатып алуу жана аларды дяйындоо пункттарына жеткирүү үчүн тез жооп кылуу компоненти (ТЖТС), анын ичинде:
(i) жарамдуу вакциналардын болжол менен 1,7 миллион дозасын сатып алуу жана аларды сатып алган жерден Кыргыз Республикасындагы дайындалган улуттук, региондук жана райондук медициналык мекемелерге чейин транспорт менен ташуу,
(ii) дайындалган медициналык мекемелерге жарамдуу вакциналарды коопсуз жана эффекта вдүү ташуу, сактоо жана администрациялоо үчүн зарыл көмөкчү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү (анын ичинде сейфтер, шприцтер жана башка көмөкчү буюмдар) сатып алуу.
(b) 2-компонент: Вакциналоо программасын ишке ашыруу боюнча потенциалды чындоо үчүн Долбоордун инвестициялык компоненти (ДИК), анын ичинде:
(I) Долбоордун Аткаруучу агенттигине COVID-19ra каршы вакциналарды эффективдүү жана иштиктүү сатып алууга жана жеткирүүгө жардам берүүгө арналган потенциалды чындоо боюнча иш-чаралар;
(ii) долбоорду координациялоо жана башкаруу, сатып алуулар, финансылык башкаруу жана каражаттарды бөлүү, гендердик проблематиканы комплекстик эсепке алуу, аткарылган ишке мониторинг жүргүзүү, баа берүү, аудит жана финансылык аудит маселелерин бекемдөө максатында консультациялык колдоо жана вакцина алуучуларды канааттануусу боюнча сурамжылоо.
3. Долбоор 2023-жылдын 30-июнуна карата аяктаары күтүлүүдө.
2-ТИРКЕМЕ
Карызды төлөө графиги
Датасы Негизги карызды төлөө
(АКШ доллары менен)*
2030-жылдын 15-марты 390 625
2030-жылдын 15-сентябры 390 625
2031-жылдын 15-марты 390 625
2031-жылдын 15-сентябры 390 625
2032-жылдын 15-марты 390 625
2032-жылдын 15-сентябры 390 625
2033-жылдын 15-марты 390 625
2033-жылдын 15-сентябры 390 625
2034-жылдын 15-марты 390 625
2034-жылдын 15-сентябры 390 625
2035-жылдын 15-марты 390 625
2035-жылдын 15-сентябры 390 625
2036-жылдын 15-марты 390 625
2036-жылдын 15-сентябры 390 625
2037-жылдын 15-марты 390 625
2037-жылдын 15-сентябры 390 625
2038-жылдын 15-марты 390 625
2038-жылдын 15-сентябры 390 625
2039-жылдын 15-марты 390 625
2039-жылдын 15-сентябры 390 625
2040-жылдын 15-марты 390 625
2040-жылдын 15-сентябры 390 625
2041-жылдын 15-марты 390 625
2041-жылдын 15-сентябры 390 625
2042-жылдын 15-марты 390 625
2042-жылдын 15-сентябры 390 625
2043-жылдын 15-марты 390 625
2043-жылдын 15-сентябры 390 625
2044-жылдын 15-марты 390 625
2044-жылдын 15-сентябры 390 625
2045-жылдын 15-марты 390 625
2045-жылдын 15-сентябры 390 625
Бардыгы 12 500 000
Төлөө тартиби Кредиттерди берүү жобосунун 3.04 жана 4.03 – пункттарынын жоболору менен жөнгө салынат.
3-ТИРКЕМЕ
Кредиттик келип түшүүлөрдү болүштүрүү жана алуу
Жалпы жоболор
I. Ушул Тиркемеге тиркелген таблицада кредиттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш жарамдуу чыгымдардын статьяларынын категориялары жана ар бир ушундай категория боюнча кредиттин каражаттарынын бөлүштүрүлүшү көрсөтүлгөн («Таблица»). (Ушул Тиркемедеги «Категорияга» шилтеме Таблицанын категориясына таандык.)
Кредиттик эсептен каражаттарды алуу үчүн негиз
2. АӨБ башка жөнүндө келишип алган учурларды кошпогондо, кредиттин каражаттары жарамдуу чыгымдардын статьялары боюнча бөлүштүрүлөт жана Таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каражатгарды алуу пайызынын негизинде төлөнөт.
3. COVID-19гa каршы ар кандай вакцина боюнча, АӨБ кредиттик эсептен каражаттарды алууга суроо-талап берилген учурга карата жарамдуу вакцина катары квалификацияланышын улантуучу вакциналарды гана каржылайт. .
Пайыздардын эсептелиши
4. «Пайыздык чыгымдар» категориясына таандык сумма Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде кредит боюнча пайыздык чыгымдарды каржылоо үчүн арналган. АӨБ кредиттик эсептен каражаттарды алууга жана зарыл болгон учурда ушундай пайыздык төлөмдөрдү жоюу үчүн зарыл сумманы Зайымчынын атынан өзүнө төлөөгө укуктуу.
Кайра бөлүштүрүү
5. Кредиттен жана таблицада көрсөтүлгөн каражаттарды алуу пайызынан келип түшүүлөрдүн бөлүштүрүлүшүнө карабастан,
(а) эгерде кандайдыр бир категория боюнча бөлүнгөн кредиттин суммасы ушул категория боюнча бардык макулдашылган чыгымдарды каржылоо үчүн жетишсиз болуп калса, АӨБ Зайымчыга билдирүү менен (i) ушундай категорияга болжолдонуучу таңсыктыкты жоюу үчүн зарыл көлөмдө башка категория боюнча бөлүнгөн кредиттин суммаларын кайра бөлүштүрөт, бирок АӨБдүн пикири боюнча ушундай башка чыгымдарды жабуу үчүн талап кылынбайт, (ii) эгерде ушундай кайра бөлүштүрүү болжолдонуучу таңсыктыкты толугу менен жоё албаса, ушундай категориянын алкагында андан аркы алуулар ал боюнча бардык чыгымдар жүргүзүлмөйүнчө улантыла бериши үчүн ушундай чыгымдарга колдонулуучу алуу пайызын азайтышы мүмкүн;
(b) эгерде кандайдыр бир категория боюнча бөлүнгөн кредиттин суммасы ушул категория боюнча бардык макулдашылган чыгымдардан ашып кетсе, АӨБ Зайымчыга билдирүү менен ушундай ашыкча сумманы ар кандай башка категорияга кайра бөлүштүрүшү мүмкүн.
Төлөө жол-жоболору
6. АӨБ башка жөнүндө келишип алгaн учурларды кошпогондо, кредиттен келип түшүүлөр Кредиттерди төлөө боюнча колдонмого ылайык төлөнүшү керек.
Аванстык каржылоо жана ретроактивдүү каржылоо
7. Кредиттин эсебинен каражаттар болжолдонуучу жарамдуу чыгымдарды аванстык каржылоо максаттары үчүн 6 айга чейинки мөөнөткө же Кредиттерди телөө боюнча колдонмодо баяндалган аванстык каржылоо жол-жоболоруна ылайык кайсы сумма аздыгына жараша кредиттин бардык суммасынын 50%ы алынат.
8. Кредиттик эсептен каражаттар ретроактиидүү каржыланууга тийиш пункттар боюнча күчүнө кирген датага чейин, мында чыгымдар COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин, бирок ушул Кредиттик макулдашуунун датасына 12 ай калгандан эрте эмес мөөнөттө болгон шартта максималдуу сумма кредиттин суммасынын 30%ына эквиваленттүү болсо, Долбоордун алкагында келтирилгеп жарамдуу чыгымдарды каржылоо үчүн алынышы мүмкүн.
9. Аванстык каржылоонун төлөнбөгөн суммасынын жыйынды калдыгы жана ретроактивдүү каржылоо үчүн бекитилген пайыз эч качан кредиттин суммасынын 60%ынан ашпашы керек.
Кредиттик эсептен каражаттарды алуу үчүн шарт
10. Ушул Кредиттик макулдашуунун ар кандай башка жоболоруна карабастан кредиттик эсептен каражаттарды алуу төмөнкүлөр болмоюнча төмөндө келтирилген таблицадан 1-категориядагы товарлардын бири боюнча да жүргүзүлбөйт:
(а) АӨБ Зайымчыдан төмөнкүлөрдү ырастоочу кат алмайынча (i) COVID-19гa каршы кайсы вакцина (вакциналар) гранттын каражаттарын колдонуу менен сатып алуу жана/же транспорт менен ташуу үчүн тандалып алынган; (ii) Жарамдуулук критерийлеринин кайсынысы COVID-19гa каршы тандалып алынган вакциналарга карата аткарылган; (iii) COVID-19гa каршы ушундай вакцина (вакциналар) Зайымчынын бардык зарыл уруксаттарын алган жана Зайымчынын аймагында жайылтуу жана администрациялоо үчүн ДКМБД жана ар кандай башка тиешелүү жөнгө салуучу органдар тарабынан жактырылган;
(b) жогоруда аталган катта берилген маалыматтын негизинде АӨБ Зайымчыга сатып алынууга жана/же транспорт менен ташылууга тийиш COVID-19гa каршы вакцина (вакциналар) жарамдуу вакцина катары белгиленгендиги жөнүндө билдирген эмес.
ТАБЛИЦА
КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫН КЕЛИП ТҮШҮҮЛӨРҮН БӨЛYI1ITYPYY ЖАНА АЛУУ | |||
Номер | Пункт | АӨБдүн каржылоосу үчүн болүнгоп жалим сумма ($) | Кредитгик эсептен каражаттарды алуу үчүи негиз |
|
| Категории |
|
1 | Товарлар (анын ичинде жарамдуу вакциналар, комөкчү товарлар жана коштоочу консультациялык эмес эмес кызмат көрсотүүлор (эл аралык жана ички логистиканы коню ал ганда) жана башкаруу үчүи төлөө* * | 11 051 430 | билли рил ген жалпы чыгымдардын 100%ы * |
2 | Ишке ашыруунун жүрүшүндө пайыздардын эсептелиши | 89 571 | толонүүчү сумманын 100%ы |
3 | Бөлүштүрүлбөгон сумма | 1 358 999 |
|
| БАРДЫГЫ | 12 500 ООО |
|
Зайымчынын аймагында алынуучу салыктарды жана алымдарды кошпогондо.
** Ушул 3-тиркеменин 10-пунктунда баяндалган алуулардын шарттары сакталган шартта.
4-ТИРКЕМЕ
Долбоорду аткаруу; Финансылык маселелер
Ишке ашыруу механизмдери
1. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу Долбоор ДАКта баяндалган толук келишимдерге ылайык ишке ашырылышын камсыз кылышы керек. ДАКтын андан аркы ар кандай өзгөрүүсү Зайымчы жана АӨБ тарабынан жактырылгандан кийин гана күчүнө кирет. Ар кандай пикир келишпестиктер орун алган учурда бир тараптан, ДА К менен экинчи тараптан, Кредиттик макулдашуунун же Грантты берүү жөнүндө макулдашуунун ортосунда ушул Кредиттик макулдашуунун жана Гранттык макулдашуунун жоболору артыкчылыктуу күчкө ээ.
Сатып алуулар
2. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
(а) эгерде АӨБ башканы жактырбаса, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар Сатып алуулар саясатына жана Сатып алуулар жөнүндө жоболорго ылайык ишке ашырылышын;
(b) Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алуулар методдорун жана тандоо методдорун, гендердик документтин тибин жана баяндамага карата АӨБдүн талаптарын кошо ал ганда, Сатып алуулар планында баяндалган толук келишимдердин негизинде сатып алынышы керек. Зайымчы АӨБдүн алдын ала макулдугу менен гана Сатып алуулар планында баяндалган толук келишимдерди озгорто алат жана ушундай озгөртүүлор Сатып алуулардын жаңылаиган планында баяндалышы керек;
(с) Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Долбоордун алкагында ЛӨБдүн мүчөлөрү болуп саналбаган өлкөлөрдөн сатып алынышы мүмкүн;
(d) (i) бардык сатып алынган товарлар жана алынган кызмат көрсөтүүлөр (анын ичинде бардык компютердик жабдыктар, программалык камсыздоо жана системалар, алар өзүнчө сатып алынгандыгына же сатып алынбагандыгына же башка сатып алынган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн курамына киргизилгендигине же киргизилбегендигине карабастан) өнөр жай менчигинин же интеллектуалдык менчиктин эч бир укугун бузбашы керек жана бузган жок же кандайдыр бир үчүнчү тараптын дооматын жараткан жок; (ii) товарлар менен кызмат корсөтүүлөрдү сатып алууга бардык контракттар тиешелүү күбөлөндүрүүнү, кепилдикти жана зарыл болгон учурда ушул пунктчада айтылган масслелер боюнча подрядчыдан, жеткирип берүүчүдөн, консультанттан же кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринен компенсацияларды камтыйт.
3. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу Сатып алуулар планында баяндалган шарттарга жана жоболорго ылайык жарамдуу вакциналарга жана көмөкчү товарларга карата сатып алууларды, транспорттук жана логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү «аягына чейии» ишке ашыруу үчүн сатып алуулар боюнча агентти дайындашы мүмкүн. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу сатып алуулар боюнча ушундай агент ушул Кредиттик макулдашуунун, Грант берүү жөнүндө макулдашуунун (мүмкүн болушунча) жана Сатып алуулар планынын бардык талаптарын аткарышын камсыз кылышы керек.
Коргоо чаралары
4. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу Долбоор курчап турган чөйрөгө, түпкү элдерге же мажбурлап көчүрүүгө эч кандай таасир этпешин, бардыгы КЧСнын алкагында болушун камсыз кылышы керек. Долбоор кандайдыр бир ушундай таасир эткен учурда Зайымчы Долбоор колдонулуучу мыйзамдарга жана Зайымчынын эрежелерине жана КЧСга шайкеш келишин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл кадамдарды көрүшү зарыл.
Тыюу салынган инвестициялардын тизмеси
5. Зайымчы кредиттен же гранттан келип түшүүлөр КЧСнын 5-тиркемесинде келтирилген иштин тыюу салынган инвестициялык түрлөрүнүн тизмесине киргизилген ар кандай ишти каржылоо үчүн колдонулбай тургандыгына кепилдик бериши керек.
Вакциналарды тандоо; Вакциналоону бөлүштүрүү планы
6. Зайымчы:
(а) тиешелүү текшерүүнү жеке өзү жүргүзгөндүгүн жана Долбоордун алкагында сатып алынуучу жана/же транспорт менен ташылуучу жарамдуу вакциналардын сапатын, коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн өз алдынча аныктагандыгын билдирет;
(b) вакциналарды каржылоого бөлүнгөн кредиттен жана гранттан келип түшүүлөр АӨБ тарабынан жарамдуу вакцина катары ырасталган вакцинаны сатып алуу, транспорт менен ташуу, жайылтуу же администрациялоо үчүн гана колдонулушу керектигин камсыз кылууга тийиш;
(с) Долбоордун алкагында ар кандай жарамдуу вакцинаны тандап алуу, импорттоо, сатып алуу, транспорт менен ташуу, жайылтуу, маркетинг же администрациялоо үчүн өзүнө өзгөчө жоопкерчиликти алат жана АӨБ ага карата жоопкерчилик же милдеттенме албай тургандыгына макул болот;
(d) вакциналоону жайылтуу, жарамдуу вакциналарды бөлүштүрүү жана администрациялоо Вакциналарды бөлүштүрүү планына ылайык ишке ашырылышын камсыз кылат;
(e) (i) Вакциналоону болүштүрүү планындагы ар кандай өзгөрүүлөр жана жарамдуу вакциналарды ишике киргизүүгө, жайылтууга жана администрациялоого таасир этиши мүмкүн болгон, башка эки тараптуу же коп тараптуу мекемелер менен жүргүзүлүүчү сектордук, укуктук, ченемдик же программалык реформаларды ар кандай талкуулоолор жөнүндө АӨБ менен пикир алмашып жана маалымдашы; (ii) АӨБго натыйжада алынган ар кандай программалык сунушка комментарий берүүгө акылга сыярлык мүмкүндүк бериши керек.
7. АӨБ жарамдуу вакцина экендигин ырастабаган, COVID-19гa каршы ар кандай вакцина Долбоордун алкагында ар кандай жарамдуу вакцина үчүн кредиттик эсептен жана/же гранттык эсептен каражаттарды алгачкы алгандан кийин сатып алуу жана/же транспорт менен ташуу үчүн сунушталган учурларда Зайымчы төмөнкүлөр жасалмайынча ушундай вакцина боюнча кредиттик эсептен же гранттын эсебинен каражаттардын алынышына суроо-талап жасалбашын камсыз кылышы керек:
(а) АӨБ Зайымчыдан төмөнкүлөрдү ырастоочу кат алмайынча (i) жарамдуулук критерийлеринин кайсьшысы ушундай вакцинага карата канааттандырылган; (ii) ушундай вакцина Зайымчынын бардык зарыл уруксаттарын аптан жана Зайымчынын аймагында бөлүштүрүү жана администрациялоо үчүн ДКМБД жана ар кандай башка тиешелүү жөнгө салуучу органдар тарабынан жактырылган;
(b) жогоруда аталган катта берилген маалыматка негизденип, АӨБ Зайымчыга ушундай вакцина жарамдуу вакцина катары аныкталгандыгы жөнүндө билдирген эмес.
Жергиликтүү мыйзамдарды сактоо
8. Зайымчы ар кандай жарамдуу вакцинаны тандап алуу, импортгоо, сатып алуу, транспорт менен ташуу, жайылтуу, таратуу, маркетинг, администрациялоо утилдештирүү Зайымчынын колдонулуучу мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылышы керек.
органдар аркылуу Зайымчынын аймагында жайылтуу жана администрациялоо үчүн жарамдуу вакциналардын улантылуучу авторизациясына көмөктөшүү максатында керек болуучу бардык ушундай кадамдарды тезинен көрүшү керек, анын ичинде бардык зарыл уруксаттарды оперативдүү түрдө берүү же узартуу жолу менен, мында мурдагыдай эле сапатка, коопсуздукка, эффективдүүлүккө карата зарыл талаптар жана авторизациялоо үчүн башка укуктук талаптар сакталат. Зайымчы орун алышы мүмкүн болгон ар кандай окуялар же жагдайлар жөнүндө АӨБго тез арада маалымдап, алдын алып, токтотуп же ушундай улантылуучу авторизациялоо үчүн шарттарды коюшу керек.
Вакциналарды сактоо, транспорт менен ташуу жана калдыктар менен иштөө
10. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
(а) Вакциналарды тиешелүү өндүрүүчүлөрдүн талаптарына, Зайымчынын колдонулуучу мыйзамдарына жана ченемдик-укуктук актыларына жана алдынкы эл аралык тажрыйбага ылайык, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) вакциналарды эффективдүү башкаруу алкагына ылайык жарамдуу вакциналардын сапатын, эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун сактоо максатында Зайымчынын аймагында алардын тиешелүү түрдө иштелишин жана тиешелүү түрдө сакталышын, транспорт менен ташылышын;
(b) Жарамдуу вакциналарды сактоо, транспорт менен ташуу. бөлүштүрүү же администрациялоо менен байланыштуу келип чыккан ар кандай медициналык же башка калдыктар жана ага байланышкан медициналык жабдыктар менен МКИПке ылайык тиешелүү түрдө иштеп жана аларды тиешелүү түрдө иштетип жана утилдеиггирүү зарыл
11. Зайымчы төмөңкүлөрдү тааныйт жана макул болот:
(а) АӨБдүн кайсы бир вакцинаны жарамдуу вакцина катары ырастоосу анын сапатын, коопсуздугун же натыйжалуулугун кошо алганда, кандайдыр бир максат үчүн АӨБ тарабынан ушундай вакцинанын жактырылышын же жарактуулукка кепилдигин билдирбейт жана Зайымчынын аймагында жайылтуу жана администрациялоо үчүн ар кандай жарамдуу вакциналарды колдонууга уруксат берүүгө Зайымчы өзгөчө жоопкерчилик тартат, мында жеткирип берүүлөрдүн бүтүндөй чынжыры боюнча сапатка мониторинг жүргүзүү, дарылоо боюнча колдонулуучу жетектөөчү принциптерди сактоо жана жагымсыз реакцияларга мониторинг жүргүзүү жана жоюу боюнча чараларды корүү менен чектелбейт;
(b) АӨБ Долбоордун алкагында ар кандай вакцинаны тандоонун, сатып алуунун, импорттоонун, өндүрүүнүн, толтуруунун, транспорт менен ташуунун, жайылтуунун, маркетингдин, администрациялоонун же колдонуунун натыйжасында же аларга байланыштуу же ар кандай ушундай вакцинаны сактоодо, колдонууда, транспорт менен ташууда, жайылтуу да же администрациялоодо келип чыккан ар кандай медициналык же башка калдыктарды утилдештирүү жана колдонуу менен байланыштуу орун алган ар кандай жаракаттар, өлүм, жоготуу, зыян келтирүү же ар кандай башка терс көрүнүштөр үчүн финансылык же башка жоопкерчиликтен жана милдеттенмелерден баш тартат.
Гендердик аспекттер жана өнүктүрүу
12. Зайымчы (а) ИГП анын шарттарына ылайык аткарылышын; (b) конкурстук документация жана контракттар подрядчылар ИГ'Пда баяндалган чараларды сакташы керектиги жөнүндө тиешелүү жоболорду камтышын; (с) ИГПны аткаруу үчүн жетиштүү ресурстар бөлүнүшүн; (d) ИГПны аткаруудагы прогресс, анын ичинде эң негизги гендердик натыйжаларга жана максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүдөгү прогресс үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн предмета болуп саналат жана анын натыйжалары жөнүндө АӨБгө билдирилишин камсыз кылышы керек.
Параллелдик өнөктөштүк колдоо
13. Зайымчы тиешелүү бюджеттик каражаттар бөлүнүшүн жана Долбоордун Аткаруучу агенттигине жана/же сатып алуулар боюнча ар кандай агентке Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл жетиштүү параллелдик өнөктоштүк каражаттар оз учурупда берилип турулушун камсыз кылышы керек. Жогоруда айтылганга кошумча Зайымчы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүгө ар кандай контракттан келип чыгуучу өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн Долбоордун Аткаруучу агенттигинде жетиштүү каражаттардын болушун камсыз кылууга тийиш.
Эмгек ченемдери, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы
14. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Зайымчынын негизги эмгек стандарттарынын жана колдонулуучу мыйзамдардын жана ченемдик актыларынын сакталышын камсыз кылышы керек. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу подрядчылардын мындан тышкары төмөнкүлөрдү аткарышын талап кылуучу Долбоордун алкагында АӨБ тарабынан каржылануучу гендердик документацияга жана контракттарга конкреттүү жоболорду киргизиши керек: (а) Зайымчынын тиешелүү эмгек мыйзамдарын жана эрежелерин сактап, жумуш ордунда эмгек коопсуздугунун колдонулуучу ченемдерин сактоо; (б) баланын эмгегин колдонбоо; (в) басмырлоого жол бербөө; (d) мажбурлап иштетүүнү болтурбоо; (е) ассоциациялар эркиндигине уруксат берүү жана жамаатгык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укукту таануу.
15. Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу 14-пунктта (жогоруда) баяндалган талаптардын сакталышын катуу контролдошу жана АӨБгө үзгүлтүксүз отчетторду берип турушу керек.
Финансылык башкаруу
16. Зайымчы (i) Вакциналоону бөлүштүрүүнүн улуттук планына ылайык артыкчылыктуу калкты вакциналоого чыгымдарды жүргүзүү, контролдоо эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит үчүн финансылык башкаруунун адекваттуу системалары Долбоорду бүтүндой ишке ашыруу бою колдоого алынышын; (ii) ДАКта резюмеленгендей, макулдашылган мөөнөттөр менен конкреттүү иш-аракеттер баяндалган Финансылык башкаруу боюнча иш-аракеттер планы анын шарттарына ылайык ишке ашырылышын камсыз кылышы керек.
Ишке атайын аудит
17. Долбоордун алкагында зкономикалык, эффективдүү жана иштиктүү башкарууга комоктөшүүнү камсыз кылуу үчүн Зайымчы Аткаруучу агенттик аркылуу Долбоорду аткаруунун алкагында Долбоорду үнөмдөөгө, эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бөлүү менен ишке аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордун тартылышын жана Долбоордун Аткаруучу агенттиги ушундай аудит үчүн керек болуп калышы мүмкүн болгон зарыл отчетторду жана маалыматтарды беришин камсыз кылышы керек.
18. Мындай аудит жыл сайын өткөрүлүшү керек жана Зайымчы Долбоордун Аткаруучу агенттиги аркылуу АӨБгө финансылык жыл аяктагандап кийин 6 айдын ичинде ушундай аудит жөнүндө отчет бериши керек.
Ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери
19. Зайымчы, Долбоордун Аткаруучу агенттиги жана ишке ашыруучу агенттиктер (а) АӨБдүн коррупцияга каршы саясатын сактоого (1998-ж., бүгүнкү күнгө карата болгон өзгөрүүлөрү менен) жана АӨБдүн корруппиянын, алдамчылыктын, көмүскө бүтүмдүн же мажбурлоонун ар кандай инкриминирленген көрүнүшүн же долбоор менен байланышкан бүтүндүктү бузуунун башка көрүнүштөрүн түздөн түз же өзүнүн агенттери аркылуу териштирүүгө укугу бар экендигин таанууга; (в) ушундай терйштирүүнүн алкагында кызматташууга жана ушундай териштирүүнү ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык зарыл жардамын көрсөтүүгө милдеттүү.
20. Зайымчы, Долбоордун Аткаруучу агенттиги жана ишке ашыруучу агенттиктер АӨБ үчүн алгылыктуу болгон, коррупцияга каршы күрөш жөнүндө жоболор аткаруучу агенттиктердин жана бардык подрядчылардын, жеткирип берүүчүлөрдүн, консультанттардын жана Долбоорго тиешеси бар кызмат көрсөтүүлөрдүн башка провайдерлеринин эсептик жазууларына жана эсептерин айудит жана текшерүү жүргүзүүгө АӨБдүн укугун аныктоочу жоболорду кошо алганда, бардык тендердик документтерге жана контракттарга киргизилишин камсыз кылышы керек. АӨБ тарабынан четтетилген же убактылуу четтетилген фирмалар же жеке жактар АӨБ тарабынан каржылануучу, башкарылуучу же колдоого алынган ишке катышууга укугу жок
ГРАНТТЫН НОМЕРИ
-KGZ (SF)
КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫ
менен
АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН
ортосундагы
ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ (Атайын операциялар)
(Азия-Тынч океаны регионунда вакциналарга жетүү механизминин алкагында COVID-19гa каршы вакциналоону колдоо долбоору)
Датасы _________________________________ 2021 –жыл
_____________________________________________________________________
ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ
(Атайын операциялар)
2021-жылдын__________________________________________________________________ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ («Алуучу») менен АЗИЯ ӨНҮКТУРҮҮ БАНКЫНЫН («АӨБ») ортосундагы ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ.
СЕБББИ
(А) АӨБ Алуучудан ___________________ датасындагы башкаруучунун катын («Башкаруучунун каты») алган, анда Алуучунун вакциналоону бөлүштүрүү боюнча өзүнүн Планын аткаруу милдеттенмеси ырасталат (Кредиттик макулдашууда аныкталгандай) жана Зайымчынын аймагында коронавирустук инфекцияга («COVID-19») каршы вакциналарга жетүүнү камсыз кылууга багытталган Зайымчынын белгилүү бир максаттары, саясаты жана иш-аракеттери баяндалган;
(В) Алуучу Кредиттик макулдашуунун 1-тиркемесинде баяндалган Долбоордун максаттары үчүн кредит алууга АӨБгө өтүнмө берген;
(С) Алуучу менен АӨБдүн ортосундагы ошол эле датадагы Кредиттик макулдашуунун («Кредиттик макулдашуу») алкагында АӨБ Кредиттик макулдашуунун 1-тиркемесинде баяндалган Долбоордун («Долбоор») максаттары үчүн АӨБдүн адатгагы капиталдык ресурстарынан жеңилдетилген шартта он эки миллион беш жүз миң доллар (12 500 000 АКШ доллары) өлчөмүндө Алуучуга кредит берүүгө макулдугун берген;
(D) АӨБ Алуучуга АӨБдүн атайын фонддорунун каражаттарынан ушул документте баяндалган мөөнөткө жана шарттарда грант берүүгө макул болгон;
ОШЕНТИП, АЗЫРКЫ УЧУРДА тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашууда:
I БЕРЕНЕ
1.01- бөлүм. 2017-жылдын 1-январындагы АӨБдүн атайын операцияларына гранттар жөнүндө жобонун («Гранттар жөнүндө жобо») бардык нункттары ушул Гранттык макулдашууга карата бул документге толугу менен баяндалгандай күчтө жана аракетте колдонулат.
1.02- бөлүм. Ушул Гранттык макулдашуунун алкагында Гранттар жөнүндө жободо жана Кредиттик макулдашууда аныкталган кээ бир терминдер колдонулган бардык жерлерде алар ушул документте өзгөртүлбөсө же анын өңүтүндө башканы талап кылбаган учурда гана аларда баяндалган тиешелуу мааниге ээ болот.
II БЕРЕНЕ Грант
2.01-болүм. (а) ЛОБ Алуучуга АӨБдүн Атайын фонддорунун каражаттарынан он эки миллион беш жүз миң доллар (12 500 000 АКШ доллары) өлчөмүндөгү сумманы берүүгө макул.
III БЕРЕНЕ
Гранттын каражаттарын колдонуу
3.01- болүм. Алуучу гранттын каражаттарынын келип түшүүлөрү ушул Гранттык макулдашуунун жана Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык Долбоордун алкагында жарамдуу чыгымдарды каржылоо үчүн гана колдонулушун камсыз кылышы керек.
3.02- бөлүм. Гранттын каражаттарынын келип түшүүлөрү ушул Гранттык макулдашуунун тиркемесинин жоболоруна ылайык бөлүштүрүлөт жана алынат, мында ушундай Тиркеме Алуучу менен АӨБдүн ортосундагы макулдашуу боюнча анда-санда өзгөрүп турушу мүмкүн.
3.03- бөлүм. АОБ башка жөнүндө келишип алган учурларды кошпогондо, Алуучу чыгымдардын статьяларына ылайык сатып алышы же сатып алууларды камсыз кылышы керек, алар ушул Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинин жоболоруна ылайык гранттын каражаттарынын келип түшүүлөрүнүн эсебинен каржыланат.
3.04-бөлүм. Гранттар жөнүндө жобонун 8.02-бөлүмүнүн максаттары үчүн грантты жабуу датасы болуп 2023-жылдын 31-декабры же Алуучу менен АӨБдүн ортосунда анда-санда макулдашыла турган башка дата саналат.
IV БЕРЕНЕ
Өзгөчө шарттар
4.01-бөлүм. Долбоорду ишке ашырууда Алуучу ушул Гранттык макулдашууда жана Кредиттик макулдашуунун 4-тиркемесинде баяндалган бардык милдеттенмелерди аткарышы же аткарылышын камсыз кылышы керек.
4.02-бөлүм. Алуучу АӨБдүн өкүлдөрүнө Долбоорду, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле ар кандай тиешелүү жазуулар менен документтерди инспекциялоого мүмкүнчүлүк бериши керек.
V БЕРЕНЕ
Токтото туруу
5.01-бөлүм. Гранттар жөнүндө жобонун 8.01 (к)-бөлүмүнүн максаттарына гранттык эсептен каражаттарды алууга Алуучунун укугун токтотуп туруу же Гранттар жөнүндө жобонун 8.02-бөлүмүнө ылайык грантты жокко чыгаруу үчүн кошумча окуя катары төмөнкү көрсөтүлгөн: кредит токтото турулууга же жокко чыгарылууга тийиш же жоюунун макулдашылган датасына чейин толонүшү керек.
VI БЕРЕНЕ
Күчүнө кириши
6.01-бөлүм. Гранттар жөнүндө жобонун 9.01(е)-бөлүмүнүн максаттарына ушул Гранттык макулдашуу күчүнө кириши үчүн кошумча шарт катары төмөнкү көрсөтүлгөн: Кредиттик макулдашуу Алуучу тарабынан тиешелүү түрдө жактырылып же ратификацияланып, аткарылып жана анын атынан жеткирилип берилиши керек жана ал күчүнө кирээрдин алдындагы бардык шарттар (ушул Гранттык макулдашуу күчүнө киришин талап кылган шарттан тышкары) аткарылышы керек.
6.02- бөлүм. Төменкү АӨБгө берилип, корутундуга же корутундуларга киргизилиши керек болгон, Гранттар жөнүндө жобонун 9.02(с)-бөлүмүнүн максаттары үчүн кошумча шарт катары көрсөтүлгөн:
Кредиттик макулдашуу тиешелүү түрдө жактырылган же ратификацияланган, аткарылган жана Алуучунун атынан өткөрүлүп берилген жана ушул Гранттык макулдашуу күчүнө кирген шартта гана анын шарттарына ылайык Алуучу үчүн юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат.
6.03-бөлүм. Ушул Гранттык макулдашуунун датасынан 90 күндөн кийинки дата Гранттар жөнүндө жобонун 9.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн ушул Гранттык макулдашуу күчүнө кирген дата катары көрсөтүлөт.
VII БЕРЕНЕ
Колдонулушунун токтотулушу
7.01-бөлүм. Гранттык макулдашуу жана ал боюнча бардык милдеттенмелер Кредиттик макулдашуунун колдонулушу токтотулган күнү токтотулат жана ал колдонулбай калат.
VIII БЕРЕНЕ Түрдүү
8.01- бөлүм. Алуучунун экономика жана финансы министри Гранттар жөнүндө жобонун 11.02-болүмүнүн максаттары үчүн Алуучунун өкүлү болуп дайындалат.
8.02- бөлүм. Төмөнкү даректер Гранттар жөнүндө жобонун 11.01-бөлүмүнүн максаттары үчүн көрсөтүлгөн:
Алуучу үчүн
Экономика жана финансы министрлиги Эркиндик бульвары, 58 Бишкек 720002
Факсимилдик бай.таныш номери: (996)312 661645
Для АБР
Азия өнүктүрүү банкы
ADB 6-авеню
Мандалуонг
1550 Метро Манила
Филиппины
Факсимилдик байланыш номери:
(632) 8636-2444
УШУНУ ЫРАСТОО МАКСАТЫНДА ушул Макулдашуунун Тараптары тиешелуу түрдө ыйгарым укуктуу болгон өздөрүнүн окүлдорү аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн күнгө жана жылга өзүнүн атынан ушул Гранттык макулдашууга кол коюуга жана аны АӨБдүн башкы ксцсесине жеткирүүгө милдеттендирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАЫ
____________________________________________________
[аты-жөнү жана кызмат орду]
АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНАН
_____________________________________________________
[аты-жөнү жана кызмат орду]
ТИРКЕМЕ
Гранттан келнп түшүүлордүн каражяттарын бөлүштүрүү жана алуу
Жалпы жоболор
1. Ушул Тиркемеге тиркелген таблицада гранттан келип түшүүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш чыгымдардын статьяларынын категориялары жана ар бир ушундай категория боюнча гранттан келип түшүүлөрдүн бөлүштүрүлүшү көрсөтүлгөн («Таблица»). (Ушул Тиркемедеги «Категорияга» шилтеме Таблицанын категориясына таандык.)
Гранттык эсептен каражаттарды алуу үчүн негиз
2. АӨБ башка жөнүндө келишип алган учурларды кошпогондо, гранттан келип түшүүлөр жарамдуу чыгымдардын статьялары боюнча бөлүштүрүлөт жана Таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каражаттарды алуу пайызынын негизинде бөлүштүрүлөт.
3. COVID-19гa каршы ар кандай вакцина боюнча, АӨБ гранттын эсебинен каражаттарды алууга суроо-талап берилген учурга карата жарамдуу вакцина катары квалификацияланышын улантуучу вакциналарды гана каржылайт.
Кайра болуштүрүү
4. Гранттан жана таблицада көрсөтүлгөн каражаттарды алуу пайызынан келип түшүүлөрдүн бөлүштүрүлүшүнө карабастан,
(а) эгерде кандайдыр бир категория боюнча бөлүнгөн гранттын суммасы ушул категория боюнча бардык макулдашылган чыгымдарды каржылоо үчүн жетишсиз болуп калса, АӨБ Алуучуга билдирүү менен (i) ушундай категорияга болжолдонуучу таңсыктыкты жоюу үчүн зарыл көлөмдө башка категория боюнча бөлүнгөн гранттын суммаларын кайра бөлүштүрөт, бирок АӨБдүн пикири боюнча ушундай башка чыгымдарды жабуу үчүн талап )айт, (ii) эгерде ушундай кайра бөлүштүрүү болжоллонуучу таңсыктыкты толугу менен жоё албаса, ушундай категориянын алкагында андан аркы алуулар ал боюнча бардык чыгымдар жүргүзүлмөйүнчө улантыла бериши үчүн ушундай чыгымдарга колдонулуучу алуу пайызын азайтышы мүмкүн;
(b) эгерде кандайдыр бир категория боюнча бөлүнгөн гранттын суммасы ушул категория боюнча бардык макулдашылган чыгымдардан ашып кетсе, АӨБ Алуучуга билдирүү менен ушундай ашыкча сумманы ар кандай башка категорияга кайра бөлүштүрүшү мүмкүн.
Төлөө жол-жоболору
5. АӨБ башка жөнүндө келишип алган учурларды кошпогондо, гранттан келип түшүүлөр Кредиттерди төлөө боюнча колдонмого ылайык төлөнүшү керек.
Аванстык каржылоо жана ретроактивдуу каржылоо
6. Гранттык эсептен каражаттар болжолдонуучу жарамдуу чыгымдарды аванстык каржылоо максаттары үчүн 6 айга чейинки мөөнөткө же Кредиттерди төлөө боюнча колдонмодо баяндалган аванстык каржылоо жол-жоболоруна ылайык кайсы сумма аздыгына жараша «Товарлар» деген 1-категорияга бөлүнгөн гранттын суммасынын 50%ы алынат.
7. Гранттык эсептен каражаттар ретроактивдүү каржыланууга тийиш пункттар боюнча күчүнө кирген датага чейин, мында чыгымдар COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин, бирок ушул Гранттык макулдашуунун датасьна 12 ай калгандан эрте эмес мөөнөттө болгон шартта максималдуу сумма гранттын суммасынын 30%ына эквиваленттүү болсо, Долбоордун алкагында келтирилген жарамдуу чыгымдарды каржылоо үчүн алынышы мүмкүн.
8. Ар бир учурда аванстык каржылоонун төлөнбөгөн суммасынын
жыйынды калдыгы жана ретроактивдүү каржылоо үчүн бекитилген пайыз «Товарлар» деген 1-категорияга бөлүнгон гранттын суммасынын 60%ынан эч качан ашпашы керек.
[Гранттык эсептен каражаттарды алуу үчүн шарт 1
9. Ушул Гранттык макулдашуунун ар кандай башка жоболоруна карабастан гранттык эсептен каражаттарды алуу төмөнкүлөр болмоюнча төмөндө келтирилген таблицадан 1-категориядагы товарлардын бири боюнча да жүргүзүлбөйт:
(a) АӨБ Зайымчыдан төмөнкүлөрдү ырастоочу кат алмайынча COVID-19гa каршы кайсы вакцина (вакциналар) гранттын каражаттарын колдонуу менен сатып алуу жана/же транспорт менен ташуу үчүн тандалып алынган;
(b) Жарамдуулук критерийлеринин кайсынысы COVID-19га каршы тандалып алынган вакциналарга карата аткарылган; (Ш) COVID-19ra каршы ушундай вакцина (вакциналар) Алуучунун бардык зарыл уруксаттарын алган жана Алуучунун аймагында жайылтуу жана администрациялоо үчүн ДКМБД жана ар кандай башка тиешелуу жонго салуучу органдар тарабынан жактырылган;
(b) жогоруда аталган катта берилген маалыматтын негизинде ЛОБ Алуучуга сатып алынууга жана/же транспорт менен ташылууга тийиш COVID-19гa каршы вакцина (вакциналар) жарамдуу вакцина катары белгиленгендиги жөнүндө билдирген эмес]
ТАБЛИЦА
Эгерде АӨБ Долбоордун алкагында сатып алуу үчүн сунушталган вакциналар жарамдуу вакциналар болуп саналаары жөнундө кредит боюнча сүйлөшүүлергө чейин (Зайымчынын сунуштамаларына ылайык) ырастоо бербесе, алуу үчүн бул шарт киргзилши керек.
ГРАНТТАН КЕЛИП ТҮШҮҮЛӨРДҮ БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖАНА АЛУУ | |||
Номер | Пункт | АӨБдүн каржылоосу үчүн болүнгон жалпы сумма ($) | 1 рантгын эсебинен каражаттарды алуу үчүн негиз |
1 | Товарлар (анын ичинде жарамдуу вакциналар, башкаруу үчүн төлөө, эл арапы к жана ички логистика жана комөкчү товарлар)** | 10 593 713 | билдирилген жалпы чыгымдардын 100%ы * |
2 | Жабдыктар | 112 500 | билдирилген жалпы чыгымдардын 100%ы * |
3 | Консультациялык кызмат көрсөтүүлор (анын ичинде аудит) | 125 ООО | билдирилген жалпы чыгымдардын 100%ы * |
4 | Долбоорду башкаруу | . 245 196 | билдирилген жалпы чыгымдардын 100%ы |
5 | Бөлүштүрүлбөгөндөр | 1 423 591 | |
| БАРДЫГЫ | 12 500 000 | |
* Алуучунун аймагында алынуучу салыктарды жана алымдарды кошпогондо.
** Ушул тиркеменин 8-пунктунда баяндалган алуулардын шарттары сакталган шартта.]