КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 31-декабры № 354-т
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын сапаттуу иштетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 7-пункттарындагы «2022-жылдын 1-январына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-майына чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктунда:
- 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) 2022-жылдын 1-майынан тартып Бирдиктүү порталды өнөр жайлык эксплуатациялоо режимине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.».
2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |