Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 10-январы № 1-т
Жашоочулардын жер-укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү социалдык көйгөйлөрүн чечүү, жарандардын жер участокторуна болгон менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу же бекемдөө максатында:
1. Жашоочулардын жер-укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү социалдык көйгөйлөрүн чечүү, жарандардын жер участокторуна болгон менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу же бекемдөө боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- комиссиялардын иши үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жүктөө менен жерлерди мыйзамдарга ылайык которуу (трансформациялоо) боюнча райондук комиссиялардын ишин күчөтсүн;
- курулган аймактарды үймө-үй кыдыруу жана уруксатсыз курулуштарда иш жүзүндө жашаган жарандарды эсепке алуу боюнча иштерди ыкчам тартипте уюштурсун;
- жерлерди бир убакта трансформациялоо жана андан кийин Республикалык комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн уруксатсыз жеке турак үйлөр курулган жер участокторунун же максаттуу багыты - айыл чарбалык болгон жер участокторуна укук белгилөөчү документтери, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө колдонуу үчүн жараксыз болгон жер участокторунун тизмегин аныктасын;
- мындан ары жер участокторун басып алууга жана уруксатсыз курулуштарды курууга жол бербөө үчүн контролду камсыз кылсын.
3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):

- жерлерди бир убакта трансформациялоо жана Республикалык комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн уруксатсыз жеке турак үйлөр курулган жер участокторунун же максаттуу багыты - айыл чарбалык болгон жер участокторуна укук белгилөөчү документтери, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө колдонуу үчүн жараксыз болгон жер участокторунун тизмегин аныктасын;

4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору Республикалык комиссияга көмөк көрсөтсүн.
5. Республикалык комиссия төмөнкүлөрдү карайт жана жактырат:
- жерлерди бир убакта трансформациялоо үчүн уруксатсыз жеке турак үйлөр курулган жер участокторунун же максаттуу багыты - айыл чарбалык болгон жер участокторуна укук белгилөөчү документтери, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө колдонуу үчүн жараксыз болгон жер участокторунун тизмегин;
- жер участокторун бир убакта трансформациялоо үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун.
6. Республикалык комиссиянын жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан суроого жана алууга;
- жарандардын жер участокторуна болгон менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу же бекемдөө жөнүндө жашоочулардын маселелерин Республикалык комиссиянын кароосуна киргизүүгө;
- Республикалык комиссиянын чечимдерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүүгө.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги куруу схемаларын даярдоо жана ушул тескемени аткарууга байланышкан башка иш-чаралар жана Республикалык комиссиянын иштөөсү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жеке турак жай куруу үчүн жерлерди уруксатсыз басып алуунун жаңы очокторуна жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А. У. Жапаров |
Тиркеме |
Жашоочулардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, жарандардын жер участокторуна болгон менчик укуктарын мамлекет тарабынан таануу же бекемдөө боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Республикалык комиссиянын төрагасы; |
Сатышов Токтомамбет Сатышович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Шерипов Нурлан Турганбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кенжебаева Айнур Абдурасуловна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Республикалык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Кутманова Динара Асиевна | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча) | ||
Шабданбеков Тимур Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын начальниги; |
Суйналиев Руслан Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Бекташов Талант Изатиллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Алманбетов Атай Омурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кулуев Алымкул Раимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Кубанычбеков Турсунбек Тугелбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жер ресурстары жана инспекция башкармалыгынын начальниги; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Ашимбаев Сабыркул Абасович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Нарбеков Бакытбек Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тентишев Эркин Саткынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кожоев Мирбек Кокулбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 323 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ