РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 315-т (Автотранспорттук каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 6-декабры № 315-т

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Программалык офисинин арызынын негизинде 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559563, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 болгон, ак түстөгү "Ниссан-Патрол" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын баалоону жүргүзсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров