Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-январы № 29-т
Бишкек шаарында экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды ыкчам кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 286-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Өзгөчө комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин иштейт жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырат деп белгиленсин.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өзгөчө комиссия:
- ыш-түтүндүн, булганган абанын Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун калкынын саламаттыгына тийгизген таасирин иликтөө боюнча изилдөө жүргүзсүн;
- абанын булгануусунун ар кандай деңгээлдеринде калктын ооруларын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин тиешелүү сунуштамалары менен иштеп чыксын;
- калктын саламаттыгына тийгизген таасирин аныктоо менен абанын сапатынын индексин иштеп чыксын;
- Бишкек шаарында экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча кадамдык планды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн абанын булгануусунун негизги булактарын аныктоо, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда абанын булгануу көйгөйлөрүн баалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзсүн;
- тургундарга экологиялык кырдаал, ошондой эле ден соолукту сактоого өбөлгө түзүүчү же ага зыяндуу таасирин тийгизүүчү факторлор жөнүндө анык маалыматтарды берип турсун;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча тиешелүү маалыматты жана сунуштарды берип турсун.".
Төрага | А.У. Жапаров |