Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 203- т, 2022-жылдын 26-майы № 283-т , 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, сортторду алмаштыруу жана сорт жаңыртуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыз кылууда үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" 28, 29-беренелери боюнча каралган каражаттардан мамлекеттик резервди толуктоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 14702,6 тонна көлөмүндө аштык буудай сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна 1401966000 (бир миллиард төрт жүз бир миллион тогуз жүз алтымыш алты миң) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бирдиктүү жеткирүүчүлөр болуп "Щелково Ахрохим" акционердик коому, "Ставрополь үрөнү" жоопкерчилиги чектелген коому, "ЭкоНива-үрөндөр" жоопкерчилиги чектелген коому, "B.C.Пустовойт атындагы "ВНИМК" жоопкерчилиги чектелген коому жана "ГАРАНТ" жоопкерчилиги чектелген коому аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду:
1) Россия Федерациясынын жеткирүүчүлөрү менен Кыргыз Республикасына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жеткирүүгө тиешелүү келишимдерди түзүү менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги аныктоочу техникалык спецификацияга жана көлөмдөргө ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган нарк боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алсын;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча жеткирүүчүлөр менен келишим түзүүдө транспорттук чыгымдарды, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн кабыл алуу, түшүрүү, жыйноо, сактоо жана берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу зарылчылыгын эске алсын;
3) үрөндү кабыл алууну, түшүрүүнү, жыйноону, сактоону жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин берген разнарядкасына ылайык жана "Айыл Банк" же "РСК Банк" ачык акционердик коомдорунун коштомо кагаздары боюнча үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берүүнү камсыз кылсын.
4) жазгы себүү үчүн ташып киргизилген, бирок 2022-жылы тандалып алынбаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн 2023-жылдын 20-февралына чейин сактоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. "Айыл Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - "Айыл Банк" ААК), "РСК Банк” ачык акционердик коому (мындан ары-“РСК Банк” ААК) (макулдашуу боюнча):
1) төмөнкүдөй шарттарда түзүлгөн табыштамалардын негизинде үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кредиттик келишимдерди түзсүн:
- субъект төлөө жөндөмүнүн критерийлерине туура келүүгө тийиш;
- пайыздык чен - жылына 4,5 пайыз;
- төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн финансылык санкциялар (үстөк айып) жылдык 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
- карызды төлөө графиги эки же андан көп жолу бузулган учурда карызды мажбурлап өндүрүү чаралары көрүлөт;
2) 4 пайыз өлчөмүндө комиссияны кармагандан кийин кредиттик карызды төлөөдөн, ошондой эле үрөндү накталай же накталай эмес эсептешүү менен сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине которсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 26-майындагы № 283-т , 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 203-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
1) облустардын жана райондордун үрөн чарбаларынан жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн жаздык себүү үчүн 2022-жылдын 1-февралына жана 1-декабрына чейин, ал эми күздүк себүү үчүн - 2022-жылдын 25-сентябрына чейин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө табыштамаларды кабыл алууну уюштурсун;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бөлүнгөн үрөнүнүн максаттуу пайдаланылышын камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин бюджетинде каралган штаттык санынын жана каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Үрөнчүлүктү өнүктүрүү фондун түзүү (уюштуруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун ыкчам тартипте киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан жыйынды табыштамаларды берүүнү;
3) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бөлүштүрүүнү жана тандоону контролдоону;
4) үрөндү кабыл алуу, сактоо жана берүү процессинде Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарына ылайык үрөндүн сапатын лабораториялык жактан контролдоону;
5) үрөндөрдү комиссиялык кабыл алууга (саны боюнча) катышууну.
8. Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн кредитти төлөө мөөнөтү төмөнкүдөй төлөө шарттарында ишке ашырылат деп белгиленсин:
2022-жылы жаздык себүү үчүн үрөн сатып алууда | 2022-жылы күздүк себүү үчүн (2023-жылдын түшүмү үчүн) жана 2023-жылы жаздык себүү үчүн үрөн сатып алууда |
Биринчи жыл: 2022-жылдын 15-ноябрына чейин - 50% | Биринчи жыл: 2023-жылдын 15-ноябрына чейин - 30% |
Экинчи жыл: 2023-жылдын 15-ноябрына чейин - 50% | Экинчи жыл: 2024-жылдын 15-ноябрына чейин - 35% |
| Үчүнчү жыл: 2025-жылдын 15-ноябрына чейин - 35% |

9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондун вагондор токтоп калган учурда айыптык санкциялардан бошотуу менен, ушул тескеменин 3-пунктунда аталган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн вагондордун ыкчам берилишин камсыз кылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А. У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 203- т, 2022-жылдын 26-майы № 283-т , 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т, 2023-жылдын 21-январындагы № 19-Т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, сортторду алмаштыруу жана сорт жаңыртуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыз кылууда үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" 28, 29-беренелери боюнча каралган каражаттардан мамлекеттик резервди толуктоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 14702,6 тонна көлөмүндө аштык буудай сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна 1401966000 (бир миллиард төрт жүз бир миллион тогуз жүз алтымыш алты миң) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бирдиктүү жеткирүүчүлөр болуп "Щелково Ахрохим" акционердик коому, "Ставрополь үрөнү" жоопкерчилиги чектелген коому, "ЭкоНива-үрөндөр" жоопкерчилиги чектелген коому, "B.C.Пустовойт атындагы "ВНИМК" жоопкерчилиги чектелген коому жана "ГАРАНТ" жоопкерчилиги чектелген коому аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду:
1) Россия Федерациясынын жеткирүүчүлөрү менен Кыргыз Республикасына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жеткирүүгө тиешелүү келишимдерди түзүү менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги аныктоочу техникалык спецификацияга жана көлөмдөргө ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган нарк боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алсын;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча жеткирүүчүлөр менен келишим түзүүдө транспорттук чыгымдарды, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн кабыл алуу, түшүрүү, жыйноо, сактоо жана берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу зарылчылыгын эске алсын;
3) үрөндү кабыл алууну, түшүрүүнү, жыйноону, сактоону жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин берген разнарядкасына ылайык жана "Айыл Банк" же "РСК Банк" ачык акционердик коомдорунун коштомо кагаздары боюнча үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берүүнү камсыз кылсын.
4) жазгы себүү үчүн ташып киргизилген, бирок 2022-жылы тандалып алынбаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн 2023-жылдын 20-февралына чейин сактоону, мүшөккө таңгактоону, жүктөөнү жана автотранспорт менен Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Талас облустарына жеткирүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т, 2023-жылдын 21-январындагы № 19-Т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4. "Айыл Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - "Айыл Банк" ААК), "РСК Банк” ачык акционердик коому (мындан ары-“РСК Банк” ААК) (макулдашуу боюнча):
1) төмөнкүдөй шарттарда түзүлгөн табыштамалардын негизинде үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кредиттик келишимдерди түзсүн:
- субъект төлөө жөндөмүнүн критерийлерине туура келүүгө тийиш;
- пайыздык чен - жылына 4,5 пайыз;
- төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн финансылык санкциялар (үстөк айып) жылдык 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
- карызды төлөө графиги эки же андан көп жолу бузулган учурда карызды мажбурлап өндүрүү чаралары көрүлөт;
2) 4 пайыз өлчөмүндө комиссияны кармагандан кийин кредиттик карызды төлөөдөн, ошондой эле үрөндү накталай же накталай эмес эсептешүү менен сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине которсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 26-майындагы № 283-т , 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 203-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
1) облустардын жана райондордун үрөн чарбаларынан жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн жаздык себүү үчүн 2022-жылдын 1-февралына жана 1-декабрына чейин, ал эми күздүк себүү үчүн - 2022-жылдын 25-сентябрына чейин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө табыштамаларды кабыл алууну уюштурсун;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бөлүнгөн үрөнүнүн максаттуу пайдаланылышын камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 522-т тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин бюджетинде каралган штаттык санынын жана каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Үрөнчүлүктү өнүктүрүү фондун түзүү (уюштуруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун ыкчам тартипте киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан жыйынды табыштамаларды берүүнү;
3) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бөлүштүрүүнү жана тандоону контролдоону;
4) үрөндү кабыл алуу, сактоо жана берүү процессинде Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарына ылайык үрөндүн сапатын лабораториялык жактан контролдоону;
5) үрөндөрдү комиссиялык кабыл алууга (саны боюнча) катышууну.
6) зарыл болгондо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн дарылоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 19-т тескемесинин редакциясына ылайык)