Редакцияот 07.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 07-июлу № 86-р

Макмал кенин иштетүү процессинде түзүлгөн № 1 калдык сактоочу жайды жана кен калдыктарын экологиялык калыбына келтирүү жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

"Макмал Голд Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна Макмал кенин иштетүү процессинде түзүлгөн № 1 калдык сактоочу жайды жана кен калдыктарын заманбап технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу, экология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен экинчи жолу кайра иштетүү жаатындагы ишти жүргүзүүгө уруксат берилсин.

 

Төрага

У. А. Марипов