РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча сметалык багыттарды суммасын көбөйтүү жөнүндө" тескемеси

Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 4-февралы № 45-р

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды белгиленген тартипте 1000000,0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатын белгиленген тартипте максаттуу багыты боюнча так пайдалануу сунушталсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. У. Жапаров