Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттердин долбоорлорун кароо, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү пикир келишпестиктер боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялдуу орган болуп саналат.
2. Кенеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
2. Кеңештин максаты жана милдеттери
4. Кеңештин негизги максаты фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) фискалдык саясатты, ошондой эле мамлекеттик инвестициялар бөлүгүндө инвестициялык саясатты түзүү процессин өркүндөтүү;
2) фискалдык саясатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестициялар бөлүгүндө инвестициялык саясатты ишке ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
3) мамлекеттик финансылык пландоону жана бюджеттин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
4) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын кароо жана жактыруу, анын ичинде орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн контролдук цифраларды жактыруу;
5) мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо;
6) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүгө расмий жардамды координациялоо.
3. Кеңештин функциялары
6. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, анын ичинде республиканын сот системасынын иш-аракеттерин координациялоо;
2) республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү бюджеттик негиздерин, анын ичинде сот системасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин кароо;
3) Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен тиешелүү чечимди кабыл алуу;
4) пикир келишпестиктер болгон учурда тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 (жети) айдан кечиктирбестен сот системасынын бюджетинин долбоорун кароо;
5) бюджеттин кирешелерин көбөйтүү же азайтуу маселелерин кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу;
6) бюджеттин ресурстары боюнча болжол өзгөргөн учурда мекемелер үчүн ассигнованиелерди бөлүү же кыскартуу маселелери боюнча чечим кабыл алуу;
7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү пикир келишпестиктер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
8) бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен бюджеттеги өзгөртүүлөрдү макулдашуу;
9) пикир келишпестиктер болгон учурда бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу;
10) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүгө расмий жардамды ишке ашырууну пландоо жана ага финансылык мониторинг жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен берилүүчү мамлекеттик инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын макулдашуу;
12) тышкы карыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдик берүүсүнө байланышкан маселелерди кароо;
13) эл аралык уюмдар, финансылык институттар, донор өлкөлөр менен биргеликте иштелип чыгуучу тышкы жардамды тартуунун узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларынын долбоорлорун, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо жана жактыруу;
14) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурда ишке ашыруу маселелерин кароо;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен тышкы карыздардын эсебинен каржылоо пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактыруу.
4. Кеңештин ыйгарым укуктары
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, ошондой эле каралуучу маселелер боюнча Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдарды угууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү же башка кызыкдар тараптар Кеңештин кароосуна сунуштаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
3) төмөнкүлөрдү сунуштоого:
- Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда бюджеттин реалдуу мүмкүндүктөрүнүн негизинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү;
- Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда бюджеттин реалдуу мүмкүндүктөрүнүн негизинде сот системасынын бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун тактоолорго байланыштуу республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна же мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө Кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча милдеттерди чечүү жолдорун.
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кеңештин функцияларына ылайык сунуштарды киргизүүгө;
5) Кеңештин алдында туруктуу иштөөчү техникалык топту, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Кеңештин жыйналыштары эгерде ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3синен кем эмеси катышса, мыйзамдуу болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштары зарыл болгон учурда видеоконференция байланышы (онлайн-режимде) форматында өткөрүлүшү мүмкүн.
9. Кечиктирбестен чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер оперативдүү тартипте каралышы мүмкүн.
10. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын финансы министринин, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин катышуусу милдеттүү болуп саналат (алар жок учурда жыйналыш кийинкиге жылдырылат).
11. Бюджетке тиешелүү маселелер каралган учурда Кеңештин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алат.
12. Кеңеш ушул Жобо менен компетенциясына киргизилген маселелер боюнча чечимдерди көпчүлүк добуш менен кабыл алат, ага Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3синен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун жактыруу боюнча маселелер кирбейт. Добуштар бирдей болгон учурда Кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
13. Кеңештин чечимдери иштелип чыккан сунуштамалар менен протокол формасында таризделет.
14. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча Кеңештин жыйналышынын күн тартиби мамлекеттик органдардын өтүнмөлөрүнүн негизинде Кеңештин катчылыгы тарабынан түзүлөт.
15. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси баяндамачы болот.
16. Кеңеш тарабынан мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору төмөнкүлөрдүн негизинде жактырылат:
1) долбоордун презентациясынын;
2) максатка ылайыктуулугун экономикалык баалоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин корутундусунун;
3) пландалып жаткан инвестициялык долбоорду бюджеттик каражаттардын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгү жана сунушталган долбоордун жеңилдик жагынан алгылыктуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусунун.
17. Кеңеш мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгарышы мүмкүн:
1) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун жактыруу;
2) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун четке кагуу.
18. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Кеңештин катчылыгы жүзөгө ашырат.
19. Кеңештин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлөт.
20. Кеңешти жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Кеңештин катчылыгынын функциялары
21. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоо, кабыл алынган чечимдерди аткарууну уюштуруу жана Кенештин мүчөлөрү менен жумушчу байланыштарды күтүү;
2) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүү;
3) Кеңештин чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн Кеңештин жыйналыштарына катышуусун камсыз кылуу;
5) Кеңештин кезектеги жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана күн тартиби жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, чакырылган адамдарга маалымдоо, Кеңештин мүчөлөрүн зарыл болгон маалымдама-маалыматтык материалдар жана чечимдердин долбоорлору менен Кеңештин жыйналышы белгиленген күндөн 14 (он төрт) күн мурда камсыздоо;
6) аткаруучу агенттиктерден (ишке ашыруучу агенттиктерден, ишке ашыруу боюнча бөлүмдөрдөн) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун, мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроо;
7) белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген инвестициялык долбоорлор боюнча материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтаруу;
8) Кеңештин жыйналышына материалдарды тариздөөдө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү жиберүү;
9) зарыл болгон учурда, Кеңештин төрагасы тарабынан тапшырылган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыруу;
10) иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүү жана сактоо.
7. Жоопкерчилик
22. Уюштуруу маселелери бөлүгүндө ушул Жобону талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти Кеңештин катчылыгы тартат.
23. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча берилген материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тартат.
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык
саясат боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттердин долбоорлорун кароо, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү пикир келишпестиктер боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялдуу орган болуп саналат.
2. Кенеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
2. Кеңештин максаты жана милдеттери
4. Кеңештин негизги максаты фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) фискалдык саясатты, ошондой эле мамлекеттик инвестициялар бөлүгүндө инвестициялык саясатты түзүү процессин өркүндөтүү;
2) фискалдык саясатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестициялар бөлүгүндө инвестициялык саясатты ишке ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
3) мамлекеттик финансылык пландоону жана бюджеттин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
4) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын кароо жана жактыруу, анын ичинде орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн контролдук цифраларды жактыруу;
5) мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо;
6) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүгө расмий жардамды координациялоо.
3. Кеңештин функциялары
6. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, анын ичинде республиканын сот системасынын иш-аракеттерин координациялоо;
2) республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү бюджеттик негиздерин, анын ичинде сот системасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин кароо;
3) Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен тиешелүү чечимди кабыл алуу;
4) пикир келишпестиктер болгон учурда тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 (жети) айдан кечиктирбестен сот системасынын бюджетинин долбоорун кароо;
5) бюджеттин кирешелерин көбөйтүү же азайтуу маселелерин кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу;
6) бюджеттин ресурстары боюнча болжол өзгөргөн учурда мекемелер үчүн ассигнованиелерди бөлүү же кыскартуу маселелери боюнча чечим кабыл алуу;
7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү пикир келишпестиктер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
8) бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен бюджеттеги өзгөртүүлөрдү макулдашуу;
9) пикир келишпестиктер болгон учурда бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу;
10) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүгө расмий жардамды ишке ашырууну пландоо жана ага финансылык мониторинг жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен берилүүчү мамлекеттик инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын макулдашуу;
12) тышкы карыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдик берүүсүнө байланышкан маселелерди кароо;
13) эл аралык уюмдар, финансылык институттар, донор өлкөлөр менен биргеликте иштелип чыгуучу тышкы жардамды тартуунун узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларынын долбоорлорун, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо жана жактыруу;
14) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурда ишке ашыруу маселелерин кароо;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен тышкы карыздардын эсебинен каржылоо пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактыруу.
4. Кеңештин ыйгарым укуктары
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, ошондой эле каралуучу маселелер боюнча Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдарды угууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү же башка кызыкдар тараптар Кеңештин кароосуна сунуштаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
3) төмөнкүлөрдү сунуштоого:
- Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда бюджеттин реалдуу мүмкүндүктөрүнүн негизинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү;
- Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда бюджеттин реалдуу мүмкүндүктөрүнүн негизинде сот системасынын бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун тактоолорго байланыштуу республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна же мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө Кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча милдеттерди чечүү жолдорун.
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кеңештин функцияларына ылайык сунуштарды киргизүүгө;
5) Кеңештин алдында туруктуу иштөөчү техникалык топту, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңештин жыйналыштары түздөн-түз катышуу же сырттан катышуу аркылуу зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
Жыйналыштар сырттан катышуу аркылуу өткөрүлгөн учурда Кеңештин чечимдери бюллетендин формасына (ушул Жобонун тиркемеси) ылайык Кеңештин мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынат.
Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша видеоконференциялык байланыш форматында (онлайн-режимде) өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин жыйналышы, эгерде ага мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмес бөлүгү катышса, мыйзамдуу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
81. Кенештин катчылыгынын сунушу боюнча мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору төмөнкү учурларда сырттан добуш берүү аркылуу Кеңеш тарабынан каралышы мүмкүн:
1) долбоор өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын алдын алууга же жоюуга багытталган;
2) долбоор кризиске каршы программаны ишке ашырууга же кризистен кийинки мезгилде экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган;
3) долбоор улуттук же тармактык программалардын индикаторлоруна же максаттарына жетүүгө багытталган.
Эгерде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору жогоруда аталган бир же бир нече критерийлерге шайкеш келсе, анда бул долбоорлор Кеңеш тарабынан сырттан добуш берүү аркылуу каралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундулары болгон учурда мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча сырттан добуш берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Кечиктирбестен чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер оперативдүү тартипте каралышы мүмкүн.
91. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин жыйналыштары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги алдында өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын финансы министринин, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин катышуусу милдеттүү болуп саналат.
Жогоруда аталган министрликтердин жетекчилери жок болгон учурда Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча алардын милдеттерин аткаруучу кызмат адамдары катыша алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
11. Бюджетке тиешелүү маселелер каралган учурда Кеңештин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алат.
12. Кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен чечимдер кабыл алынуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун жактыруу боюнча маселелерден тышкары, Кеңеш ушул Жобого ылайык өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
121. Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин чечимдери алардын милдеттерин аткаруучу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынышы мүмкун.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Кеңештин чечимдери иштелип чыккан сунуштамалар менен протокол формасында таризделет.
14. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча Кеңештин жыйналышынын күн тартиби мамлекеттик органдардын өтүнмөлөрүнүн негизинде Кеңештин катчылыгы тарабынан түзүлөт.
15. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси баяндамачы болот.
16. Кеңеш тарабынан мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору төмөнкүлөрдүн негизинде жактырылат:
1) долбоордун презентациясынын;
2) максатка ылайыктуулугун экономикалык баалоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин корутундусунун;
3) пландалып жаткан инвестициялык долбоорду бюджеттик каражаттардын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгү жана сунушталган долбоордун жеңилдик жагынан алгылыктуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусунун.
4) аткаруучу агенттиктин жетекчиси (ал жок болгон учурда - анын милдеттерин аткаруучу кызмат адамы) тарабынан кол коюлган долбоордун негиздеме-маалымкатынын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Кеңеш мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгарышы мүмкүн:
1) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун жактыруу;
2) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун четке кагуу.
18. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Кеңештин катчылыгы жүзөгө ашырат.
19. Кеңештин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлөт.
20. Кеңешти жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Кеңештин катчылыгынын функциялары
21. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоо, кабыл алынган чечимдерди аткарууну уюштуруу жана Кенештин мүчөлөрү менен жумушчу байланыштарды күтүү;
2) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүү;
3) Кеңештин чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн Кеңештин жыйналыштарына катышуусун камсыз кылуу;
5) Кеңештин кезектеги жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана күн тартиби жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, чакырылган адамдарга маалымдоо, Кеңештин мүчөлөрүн зарыл болгон маалымдама-маалыматтык материалдар жана чечимдердин долбоорлору менен Кеңештин жыйналышы белгиленген күндөн 14 (он төрт) күн мурда камсыздоо;
6) аткаруучу агенттиктерден (ишке ашыруучу агенттиктерден, ишке ашыруу боюнча бөлүмдөрдөн) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун, мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроо;
7) белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген инвестициялык долбоорлор боюнча материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтаруу;
8) Кеңештин жыйналышына материалдарды тариздөөдө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү жиберүү;
9) зарыл болгон учурда, Кеңештин төрагасы тарабынан тапшырылган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыруу;
10) иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүү жана сактоо.
7. Жоопкерчилик
22. Уюштуруу маселелери бөлүгүндө ушул Жобону талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти Кеңештин катчылыгы тартат.
23. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча берилген материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тартат.
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин
сырттан добуш берүү
БЮЛЛЕТЕНИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими: | Добуш берүүнүн жыйынтыгы (Сиздин вариантыңыз "\/" белгиси менен көрсөтүлөт): |
(Донордук уюмду жана долбоордун жалпы суммасын көрсөтүү менен маселенин/долбоордун аталышы) | МАКУЛ ______ КАРШЫ _____ КАЛЫС ______ |
КЕҢЕШТИН МҮЧӨСҮНҮН КОЛУ:
Колу____ аты-жөнү ____________________ ___-ж. “__” ______ |