Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 21-февралы № 81-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасы эсептөөчү ресурстарды ыкчам берүүгө, анын ичинде ар түрдүү милдеттерди аткаруу үчүн булут технологияларын пайдалануу менен мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык комплекстердин жыйындысы болуп саналат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасына көчүрүлө турган мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык системалардын, ошондой эле базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын тизмесин үч айлык мөөнөттө аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине "Өкмөттүк булут" - G-CIoud" мамлекеттик платформасына мамлекеттик маалыматтык системаларды жана базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды көчүрүүгө жана жайгаштырууга көмөк көрсөтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине анын суроо-талаптары боюнча ведомстволук аппараттык-программалык комплекстердин учурдагы жана келечектеги абалы жөнүндө маалыматты берсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине муниципалдык маалыматтык системаларды "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасына көчүрүүгө жана жайгаштырууга көмөк көрсөтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине анын суроо-талаптары боюнча өзүнүн аппараттык-программалык комплекстеринин учурдагы жана келечектеги абалы жөнүндө маалыматты берсин.
6. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 21-февралы № 81-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасы эсептөөчү ресурстарды ыкчам берүүгө, анын ичинде ар түрдүү милдеттерди аткаруу үчүн булут технологияларын пайдалануу менен мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык комплекстердин жыйындысы болуп саналат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасына көчүрүлө турган мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык системалардын, ошондой эле базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын тизмесин үч айлык мөөнөттө аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Өкмөттүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.