КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралы № 82-т (2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга (мындан ары - Убактылуу макулдашуу) протоколу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-февралы № 82-т
1. 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга (мындан ары - Убактылуу макулдашуу) протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына Убактылуу макулдашууга протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |