РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 80-т «КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19га каршы жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы крш боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттар бөлүнүү жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 18-февралы № 80-т

Коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күөшүүнүн алкагында маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, COVID-19га жана анын экономикагатийгизген таасиринин кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга 70 400 000 (жетимиш миллион төрт жүз миң) сом бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул түзөтүүнү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескемениин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров