КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 76-т (Республиканын ирригациясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-февралы № 76-т
Республиканын ирригациясына мамлекеттик колдоо көрсөтуү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан 837 585 500 (сегиз жүз отуз жети миллион беш жүз сексен беш миң беш жүз) сомду ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерине бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
1) бөлүнгөн акча каражаттарына ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзсүн;
2) бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |