Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2022-жылдын 27-январы № 28-т
"Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык ыңгайлуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга ылайык Россия Федерациясы тарабынан берилген жылкылар үчүн чиптердин бир бирдигинин баасы республикадагы жылкы ээлерине сатууда 80 (сексен) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- жер-жерлерде жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү боюнча ишти уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы мал базарлардын туруктуу иштөө режимин дем алыш күндөрү - ишембиге жана/же жекшембиге гана белгилесин;
- мал базарларда жаныбарларды сатууну уюштурууга карата тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарды сактоону камсыз кылсын;
- мал базарларга идентификацияланбаган жаныбарларды жана айыл чарба жаныбарларын идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери (кагаз түрүндөгү жана/же электрондук сактагычтардагы) жок жаныбарларды алып келүүгө (киргизүүгө) жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- калкка мал базарлардын иштөө режиминин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдоо боюнча ишти уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал базарлардын аймагында ветеринария жана жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоону күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги айыл чарба жаныбарларын ташууда жана аларды республиканын мал базарларында сатууда убактылуу жана ички ветеринардык стационардык посттордо мамлекеттик ветеринардык контролду (көзөмөлдү) камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматка көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Ушул тескеменин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик ушул тескеменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А. У. Жапаров |