КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 89-т «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары турак жай фондунун объекттери" тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-февралы № 89-т
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" турак жай программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 105-статьясынын 5-бөлүгүнө, 144-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- турак жай фондунун объекттерин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары тиркемеге ылайык тизме боюнча белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын тиркемеде көрсөтүлгөн турак жай фондунун объекттеринин бааланган наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен көбөйтүү жөнүндө маселени акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда карасын.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому өткөрүлүп берилүүчү турак жай фондунун объекттерин максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары турак жай фондунун объекттери
К/с | Турак жай фондунун объектилеринин мүнөздөмөсү | Дареги | Идентификациялык код | Баалоо наркы (миң сом) | Баланс кармоочу |
1 | Батирдин жалпы аянты 75,0 кв.м, турак аянты 36,9 кв.м | Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Жал кичи району 29, 3/3-үй, 61-батир | 1-01-11-0059-0093-01-060 | 4009050 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
2 | Батирдин пайдалуу аянты 72,5 кв.м, турак аянты 43,8 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Коперник көчөсү, 61-үй, 21-батир | 1-01-05-0026-0614-01-021 | 4818495 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
3 | Батирдин пайдалуу аянты 48,4 кв.м турак аянты 29,9 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Сүйүмбаев көчөсү, 142-үй, 114-батир | 1-03-05-0039-009-01-007 | 2621808 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
4 | Батирдин пайдалуу аянты 47,80 кв.м, турак аянты 29,36 кв.м | Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Энергетиктер шаарчасы, 10-үй, 30-батир | 7-01-09-1001-0058-01-030 | 2014704 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
5 | Батирдин жалпы аянты 65,4 кв.м, турак аянты 46,4 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 137-үй, 66-батир | 1-03-07-0040-0053-01-066 | 4427000 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
6 | Батирдин жалпы аянты 71,9 кв.м, турак аянты 42,6 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, "Жал-23" кичи району, 28-үй, 81-батир | 1-01-11-0059-0112-01-081 | 4517974 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
7 | Эки деңгээлдүү батир (5-6-кабаттар, пентхаус) жалпы пайдалуу аянты 195,6 кв.м, турак аянты 104,1 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ажыбек Баатыр көчөсү, 1/1-үй, 20-батир | 1-01-11-0059-0227-01-020 | 9636360 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
8 | Батирдин пайдалуу аянты 112,2 кв.м, турак аянты 76,0 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 190/2-үй, 55-батир | 1-01-11-0059-0543-01-055 | 7422576 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
9 | Батирдин жалпы аянты 252,9 кв.м, турак аянты 160,1 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7-кичи район, 52/3-үй, 62-батир | 1-04-07-0027-0128-03-062 | 14644933 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
10 | Батирдин жалпы аянты 181,2 кв.м, турак аянты 124,3 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ажыбек баатыр көчөсү, 2-үй, 14-батир | 1-01-11-0059-0017-01-014 | 11278000 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
11 | Батирдин жалпы аянты 112,9 кв.м, турак аянты 78 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бакаев көчөсү, 132-үй, 98-батир | 1-01-11-0059-0751-01-098 | 7742701 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
12 | Батирдин жалпы аянты 93,7 кв.м, турак аянты 60,5 кв.м | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 7 "б" үй, 59-батир | 1-04-01-0009-0299-01-059 | 6815874 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
13 | Батирдин пайдалуу аянты 153,0 кв.м, турак аянты 81,7 кв.м, (терраса 27,1 кв.м, балкон 4,8 кв.м) көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүндөгү жерлерде тиешелүү үлүшү менен | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Төлөмүш Океев көчөсү, № 39/3 үй, № 35 (А Литер) | 1-01-11-0059-0899-01-035 | 16363650 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
14 | Турак үйү жалпы аянты 74,69 кв.м, 600 кв.м жер тилкесинде жайгашкан | Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Береговая көчөсү, 67А-үй | 7-04-16-0005-0627 | 2857800 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
Бардыгы: | 99170925 |
| |||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |