Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 01-апрелиндеги №164-р «EXPO-RUSSIA KYRGYZSTAN 2022» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн жана Кыргыз-россиялык региондор аралык бизнес-форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы" тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 01-апрели №164-р
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12,17-беренелерине ылайык:
1.”EXPO-RUSSIA KYRGYZSTAN 2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн жана Кыргыз-россиялык региондор аралык бизнес-форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары – уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Уюштуруу комитетине зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консултанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
3.Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
4.Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
”EXPO-RUSSIA KYRGYZSTAN 2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн жана Кыргыз-россиялык региондор аралык бизнес-форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Торобаев Бакыт Эргешович | -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сабиров Равшанбек Азатович | -Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасы |
Савицкий Александр Васильевич | -Кыргыз Республикасынын Соода-өнор жай палатасына караштуу “КыргызЭкспоцентр” департаментинин жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары ; |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кожоев Мирбек кокулбаевич | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти |
Айталиев Тилек Анаркулович | -Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | -Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | -Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Джусупбекова Надира Сынташевна | -Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Алишеров Нурдин Куванычбекович | -Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары; |
Ташиев Жапаркул Актаевич | -Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Шатманов Самат Бектурович | -Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары |
Ибраимов Бексултан Мелисович | -Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Кайынбаев Нурланбек Бектенбекович | -Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |