Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 8-апрели №184-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У.Жапаров
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 8.04
№184-т тескемеси
менен жактырылды
2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-яиварында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Мииистрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет, эл аралык укуктун ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек жана Лейлек районунун Маргун айылдарында ар бири 330 окуучулук орунга эсептелген жалпы билим берүүчү мектептерди (мындан ары - объекттер) өзбек тараптын каражаттарынын эсебинен объекттерди кыргыз тарапка кайтарымсыз өткөрөп берүү менен куруу жана жабдуу боюнча максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн иштелип чыкты жана кабыл алынды.
Макулдашуу менен өзбек тараптын аталган объекттерди куруусу үчүн кыргыз тарап берген аймактар аныкталат, алсак:
-Самаркандек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-июнундагы № 95 330 окуучулук орунга эсептелген мектепти долбоорлоо жана куруу жөнүндө токтому кабыл алынган. Ушуга байланыштуу жалпы билим берүүчү мектепти курууга жер участогу бөлүнгөн. «Б» № 045060 сериясындагы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген, жер участогунун аянты 1,75 га түзөт. Аталган жер участогунда эч кандай курулмалар жана курулуштар жок.
- Маргун айыл округунун Маргун айылында М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин аймагында мектепти куруу боюнча Маргун айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-майындагы № 9 М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин аймагында 330 окуучулук орунга эсептелген мектепти долбоорлоо жана куруу жөнүндө токтом кабыл алынган, «Б» № 009008 сериясындагы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген, жер участогунун аянты 3,0 га түзөт. Жер участогунун аймагында М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп бар.
Аталган жер участоктору калктуу конуштун аймагында жайгашкан жана алардын максаттуу багыты жалпы билим берүүчү мектептерди куруу үчүн аныкталган, мындан тышкары алар Кыргыз Республикасындагы жаратылышты коргоо рекреациялык, тарыхый-маданий багыттагы жерлерге кирбейт.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган жер участоктору камакка алуу, тыюу салуу жана кандайдыр быр оорчулуктардын объектиси болуп саналбайт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага Тараптap кол койгонго чейин мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңештин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы чечими; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы чечими; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы чечими) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы №277-т тескемеси менен жактырылган.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши тарабынан ратификациаланууга тийиш.
Бул Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.