Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-марты № 158-т
1. Расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Карызды тейлөөнү токтото туруу боюнча эл аралык келишимди биргелешип түзүүчү Япония Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жооп нотасынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана жооп нотасынын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
|