КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 149-т «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомума жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-марты № 149-т
«Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомума жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1 ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине төмөнкүлөрдүн мамлекеттик программаларды көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн 40,0 (кырк) миллион сом болүп берсин:
- «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомунун - 20, 0 (жыйырма) миллион сом:
«Бешинчи канал» жабы к акционердик коомунун 20,0 (жыйырма) миллион сом;
2) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүулөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын жана Президентинин Министрлер Кабинетинин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |