Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 8-апрели №280
Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) 2022-жылдын 16-25-апрелинде өтүүчү Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар тобунун кеңешинин кезектеги жазгы жолугушуусуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) 2022-жылдын 16-25-апрелинде жөнөтүлсүн.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
|
|
|
Тиркеме
|
Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар тобунун кеңешинин кезектеги жазгы жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын
КУРАМЫ
Жапаров Акылбек Усенбекович | - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 'Гөрагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
|
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Баетов Аяз Батыркулович | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
|
Боконтаев Кубанычбек Кенешович
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Татиков Руслан Сатылганович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Козубеков Азат Айбекович
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахманов Ануар Таалайбекович
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
|
Коштоочу адамдар:
Эркинов Темирбек Эркинович
| - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коомдук башталыштагы кеңешчиси;
|
Сабырбек уулу Эрнис | - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы;
|
Дайрабаев Кумар Усеналиевич
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери.
|