Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-апрели № 200-т
Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык чараларын лабораториялык жактан камсыздоо системасын Кыргыз Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигине кошулууда кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча өсумдүктөрдүн караптини боюнча төмөнкү даректерде жайгашкан эки лабораторияны жабдуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине 35 028 ООО (отуз беш миллион жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин:
- Баткен облусу, Баткен шаары, "Келечек" кварталы, Чет-Булак 1 көчөсү, 40/1 - 17 514 ООО (он жети миллион беш жүз он төрт миң) сом;
- Нарын облусу, Нарын шаары, Мусурманкулов көчөсү, 12 <Б» - 17 514 ООО (он жети миллион беш жуз он төрт миң) сом.
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикзсынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды жабдуу менен байланышкан зарыл болгон чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |