РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 196-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Редакцияот 14.04.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 14-апрели № 196-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т тескемеси менен аныкталган “Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүүгө байланышкан жол-жоболорду конкреттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис"   мамлекеттик   мекемеси   түзүлгөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т тескемесине төмөнкүдей өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)    төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси ушул тескемеде каралган лотереянын оператору болуп аныкталсын.";

2-пунктунда:

- 1-пунктчасы "(мындан ары - кызыктыруучу лотерея)" деген сөздөрдөн кийин "ушул тескемеде каралган каражаттардын жана/же башка булактардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Зарыл болгон учурда "Айыл Банк" ачык акционерднк коому жеңүүчү сертификаттарды накталоо үчүн өнөктөш-банк болуп аныкталсын.".

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров