Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 195-т «2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы»Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)«долбоорун ишке ашыруу жөнундө долбоордук макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-апрели № 195-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламента жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын
"14" 04 №195-т тескемеси менен
жактырылган
2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнундө долбоордук макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өткөн:
- 2022-жылдын 31-январында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;
- 2022-жылдын 31-январында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
-2022-жылдын 24-январында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитета, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 февралындагы № 79-т тескемеси менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу кемүртекти секвестрациялоо" долбоору боюнча долбоордук макулдашуу токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестицняларга колдоо көрсөтүү жолу менен көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу максатында кол коюлган.
Аталган Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана республиканын жер ресурстарын, анын ичинде жайыттарды жакшыртүуга багъггталган.
Долбоор төмөнкүлөр аркылуу 27,6 млн тоннага жакын СО2 эквивалентин сиңирүүтө түрткү берет деп болжолдонууда:
- токойлорду калыбына келтирүү - катуу жабыркаган 6 мин га токойлорду отургузуу;
- 644 мин га жакын деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү/реабилитациялоо;
- 56 миң га жакын токойлордо башкарууну жакшыртуу;
- долбоор ишке ашырылуучу райондордогу 90 миңге жакын аялуу үй-бүлөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулугун жогорулатуу.
Ошондой эле токойлорду туруктуу башкаруу жана зыянкечтерге каршы комплекстүү күрөш жүргүзүү үчүн токой чарбаларынын муниципалдык администрациянын жана токойду пайдалануучулардын потенциялын жогорулатуу максатында техникалык жардам көрсөтүү күтүлүүдө.
Долбоордун иш-чаралары үч компонентти ишке ашруу аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде жаратылыш ресурстарын башкарууну күчөтүү;
2) токойлорду жана жайыттарды реабилитациялоо үчүн жашыл инвестициялар;
3) климаттын өзгөрүшүнө карата сезгич болгон копгумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү.
Долбоордун негизги максаттуу тобу болуп тандалып алынган үч облустун (Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустары) төрт районунун (Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Өзгөн жана Сузак) максаттуу зонасындагы жайыт жана токой ресурстарынын бардык пайдалануучулары саналат.
2019-жылдын ноябрында Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) тарабынан 29,9 млн АКШ доллары суммасына долбоор (грант) жактырылган. Долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү 8 жыл.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргъз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталтан Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ишке ашыруу ФАО тарабынан ЖКФ линиясы боюнча каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат жана республикалык бюджеттин түшүүлөрүн же башка финансылык ресурстарын төлөөнү караштырбайт.
Долбоор боюнча тең каржылоо бекитилген бюджеттин алкагында тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде көрсөтүлөт.
Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, финансы-экономикалык. укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.