Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 12-апрели № 186-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгын, ошондой эле 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында (мындан ары - Концепция) каралган айрым долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Концепцияда каралган айрым долбоорлорду ишке ашырууну Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык камсыз кылсын.
3. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча чакан жумушчу топторду түзүүгө;
2) зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте тартууга.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 145-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 1-пунктундагы "2021-жылдын 31-декабры" деген сөздөр "2022-жылдын 1-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "2021-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2022-жылдын 1-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "2021-жылдын 30-сентябры" деген сөздөр "2023-жылдын 1-марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында каралган айрым долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги.