Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-майы № 299-т
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 505, 506 жана 507-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча концепциянын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жер участокторунун менчик ээлерин аныктоо жана аларды бирдей жер участокторуна алмаштыруу мүмкүндүгү боюнча иштерди жүргүзсүн.
4. Жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- маалыматтарды суроого жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин, эксперттик жамааттын (макулдашуу боюнча) жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча ишке тартууга;
- жумушчу топтун чечимдерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүүгө.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
6. Аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары бардык зарыл болгон материалдарды берүү менен жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Ажикеев Бообек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кельдибеков Тариел Каримбекович | - | "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Нурбеков Азиз Абдылашимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Сейтказиева Эркеайым Алымовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Молдажиев Казыбек Илияскарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо бөлүмүнүн инспектору; |
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Сатышов Токтомамбет Сатышович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Алымбаев Нурил Джайылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Адиев Капарбек Абдужалалович | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары; |
Акимов Азирет Доолатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Анарбеков Канат Кучукбаевич | - | Бишкек шаарынын башкы архитектору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин начальниги; |
Джанусаков Бекболот Орозоевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ибраимов Рамис Рамазанович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директору; |
Кариев Бейсен Сергеевич | - | "Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мурзакулов Таалайбек Чороевич | - | "Кыргызстандын долбоорчулар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |