Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 6-апрели № 174-т
Өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн негиз болуучу багыттардын бири катары кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжырчаларын каржылоо, Фаза 2" долбоору боюнча 10000000 (он миллион) евро суммасына Гранттык макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |