Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-апрели № 213-т
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы көзөмөл жүргүзүү жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.О.Кожошев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы көзөмел жүргүзүү жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызмазтынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандум
Мындан ары "Катышуучулар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы көзөмөл жүргүзуү жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы,
монополияга каршы саясат жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө каалоосун билдирип,
теңдик жана өз ара пайда табуу принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп, төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1- берене
Бул Меморандумдун максаты болуп монополияга каршы саясат жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө эсептелет.
2- берене
Катышуучулар ушул Меморандумдун алкагындагы кызмаггашууну өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык жүзөгө ашырат.
3- берене
Катышуучулар кызматташууну өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:
- монополияга каршы саясаттын. атаандаштык саясатынын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдардын укуктук негиздерин өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашуу;
- Катышуучулардын мамлекеттреринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. жарнама жана атаандаштык жаатындагы мыйзамдарындагы жана ички эрежелериндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат алмашуу;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана атаандаштык мыйзамдары чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө иштерди кароо жаатында тажрыйба, маалымат, ченемдик жана башка документтер мемен алмашуу;
- атаандаштыкты өнүктүрүү. керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы бузуулар боюнча иштерди кароо жол-жоболору боюнча Катышуучулардын улуттук мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жаатында тажрыйба алмашуу;
- товар рынокторунда изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде трансчекаралык рыноктордо атаандаштыктын өнүгүшүнө талдоо жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү;
- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө көп тараптуу эл аралык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу;
- адистерди жана эксперттерди, анын ичинде сот иштери менен иштегендерди кесиптик окутуу үчүн стажировкаларды өткөрүү жана окуу сапарларын өткөрүү;
- монополияга каршы саясатты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча биргелешкен конференцияларга, семинарларга жана жумушчу жолугушууларга катышуу;
- өз ара кызыкчылык туудурган конкреттүү маселелер боюнча конфиденциалдуу эмес маалыматтар менен ыкчам алмашууну камсыз кылган Катышуучулардын эксперттеринин кеңешмелерин өткөрүү же адистеринин ортосундагы консультацияларды уюштуруу;
- Катышуучулардын мамлекеттеринде жарыяланган илимий адабияттар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана атаандаштык чөйрөсүндөгү илимий-практикалык изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу;
- монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгу актуалдуу маселелерди. ошондой эле кызматташуунун келечегин жана багыгтарын талкуулоо боюнча жолугушууларды жана иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- монополияга каршы саясат маселелери боюнча техникалык жардам көрсөтүү жана окутуу;
- кызматташуунун өз ара макулдашылган башка формалары.
4-берене
Ушул Меморандумдун алкагында кызматташууну жүргүзүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана конфиденциалдуу эмес мүнөздөгү маалыматтарды берүү орус тилинде почта жана/же электрондук почта аркылуу, же болбосо Катышуучулардын эксперттеринин же адистеринин консультацияларында жүзөгө ашырылат.
5-берене
'Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, Катышуучулар бул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу чыгымдарды өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз алдынча тартат.
6-берене
Ушул Меморандумду чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыгуучу пикир келишпестиктер Катышуучулардын ортосундагы консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене
Катышуучулардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене
Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Катышуучулардын ар бири башка Катышуучуга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу бул Меморандумдун колдонулушун токтото алат. Мындай учурда ал экинчи Катышуучу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин өз күчүн жоготот.
Баку шаарында 2022-жылдын "_" _ _эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Катышуучулар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы үчүн
_______________________________ | Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы көзөмөл жүргүзүү жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы үчүн ___________________________ |
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө караштуу салуу кызматы үчүн
жана керектоо рыногун копт ролдоо боюнча мамлекеттик кызматы үчүн