Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-майы № 338
Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борборду түзүү, ошондой эле экономика жана финансы жаатындагы салттуу (батыштык), исламдык рыноктук принциптерге (моделдерге) таянуу менен өнүктүрүүнүн кыйла туруктуу моделин камсыз кылуу үчүн экономиканын түзүмүн реформалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борборду түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- үч жумалык мөөнөттө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык исламдык финансылык институттар, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борборду түзүү маселелери боюнча консультацияларды өткерсүн;
- бир айлык мөөнөттө "Исламдык экономиканы жана финансыны өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келекчектери (Кыргыз Республикасынын жана болгон дүйнөлүк мыкты тажрыйбалардын мисалында)" деген эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борборду түзүү концепциясынын долбоорун даярдасын жана киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлсүн.
4 Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин, эксперттерин ишке тартууга, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борборду түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кожошев Арзыбек Орозбекович
Эргешов Алтынбек Калдарович
Сарбанов Улан Кытайбекович
Убалиев Элдияр Маматжанович
Примов Алмазбек Абдыакимович
Айтиев Замирбек Каримович
Турсунбеков Замирбек Аманканович
Жакыпов Манас Жакыпович Усенбекова Айнура Доктурбаевна Аттокуров Мэлс Шерикбаевич Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич Асизбаев Рустам Эмилжанович Пирназаров Марат Туголбаевич
Зулпукаров Тимурбек Раимжанович
Джусупов Тимур Джолчуевич Абдыбалы тегин Суеркул Керимбаев Талант Калдарович
Жораев Абдурашид Абдуганиевич
Болджурова Айнура Садыковна
| - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы. ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору; - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы; - "Финанс кредит банк”- ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү, (макулдашуу боюнча); - "Ала-Тоо" эл аралык университетинин окутуучусу, эксперт (макулдашуу боюнча); - "Айыл банк" ААКтын ислам терезесин киргизүү боюнча долбоордук тобунун координатору, каржылоонун исламдык принциптери боюнча башкы эксперт, "Исламдык Финансылар Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Сарахси" эл аралык исламдык финансыларды изилдөө академиясынын директору (макулдашуу боюнча);
- Эл аралык кувейт университетинин профессору (макулдашуу боюнча).
|