Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-апрели № 210-т
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Финансы министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана жемиштүү кызматташууну орнотуу зарылдыгын көңүлгө алып,
мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу жаатында кызматташуу кызыкчылыгын билдирип,
теңчилик жана өз ара пайда алуунун негизинде Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну илгерилетүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар бул Меморандумдун негизинде өз ыйгарым укуктарынын алкагында жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташат.
2-берене.
Ушул Меморандумдан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Тараптар иштерди координациялоо үчүн Тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзөт.
3-берене.
Натыйжалуу кызматташуу максатында Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык:
а) Тараптардын компетенциясына кирген төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана тажрыйба алмашат:
- бюджеттик жана фискалдык саясат боюнча улуттук мыйзамдар;
- мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу;
- ички аудиттин жана бухгалтердик эсептин методологиясы;
- салыктык эмес кирешелер саясаты;
- мамлекеттик инвестициялар саясатын жүргүзүү;
- эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуу;
- мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу;
- казыналыкты модернизациялоо;
б) эки өлкөнүн ортосундагы өз ара жакшы түшүнүшүүнү илгерилетүү, жардамга болгон муктаждыктарды баалоо жана Тараптардын кызматкерлеринин ортосундагы өз ара тыгыз жумушчу мамилелерди колдоо үчүн жогоруда аталган жааттарда окутуучу иш сапарларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен Тараптардын ортосунда кызматкерлерди алмашууну жүргүзөт.
4-берене.
Жогоруда көрсөтүлгөн программаларды каржылоо Тараптардын ортосундагы консультацияларды жүргүзүү жолу менен макулдашылат.
5-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделген, ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Меморандумдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
6-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык ишке ашырылууга тийиш болгон программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө макулдашууларды түзүшү мүмкүн.
7-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган документтердин, маалыматтардын жана башка маалыматтардын купуялуулугу принцибин сактоого тийиш.
8-берене.
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Азербайжан Тарабынын аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча Кыргыз Тарабы алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) ай мурда Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жазуу түрүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу, эгер Тараптар башкача чечпесе, ушул Меморандум колдонулуп жаткан мезгилде ишке ашырылуучу программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө жана алардын колдонуу чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча бардык пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечет.
Баку шаарында 2022-жылдын "___"-апрелинде эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Айырмачылыктар келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти колдонот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
________________ ___________________ ____________________ _____________________